Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Лондон шаарында удаасы менен бир нече жардыруу болду


Бүгүн эртең менен Лондон шаарында удаасы менен болгон бир нече жарылуудан отуздан ашык адам курман болуп, дагы бир жүз токсонго жакын киши жараат алды. Ички иштер министри Чарлз Кларктын айтымында, жардыруулардан өлкөгө тийген зыян өтө зор:

- Жараат алган көптөгөн адамга медицина кызматкерлери жардам көрсөтүүдө, бүткүл өкмөттүн атынан жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү жана жакындары менен кошо мен кайгыруудамын жана аларга колдоо көрсөтөм.

Ар башка кабарларга караганда, үч автобуста жана метро ичинде дагы үч жардыруу болгон. Премьер-министр Тони Блэр жардырууларды террор аракети деп атады. Франция өкмөтү Париж шаарында шашылыш жыйын өткөрдү, Берлин, Страсбург жана башка европалык шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти - өзүн "Европадагы жашыруун ал-Каида" деп атаган уюм алды.

XS
SM
MD
LG