Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

АКШ БОРБОР АЗИЯДАГЫ АСКЕРИЙ БАЗАЛАРЫН АЗЫРЫНЧА ЧЫГАРБАЙТ


Төрөкул Дооров, Прага Шейшембиде Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өттү. Аталган уюмга мүчө Орусия, Кытай жана Борбордук Азиянын төрт мамлекети Кошмо Штттарын Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аскерий базаларын качан алып кетээрин так айтышы керек деген бүтүмгө келишти. Төмөндө “The New York Times” гезитинде ушул маселе боюнча жарыяланган макаланын урунттуу жерлери менен тааныштырабыз.

Ошентип, Шанхай кызматташтык уюму, демек, ага мүчө Борбордук Азиядагы өлкөлөр да АКШны өздөрүндөгү аскерий базаларды жыйыштырып кетүүгө чакырышты. Мунун баары саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияда айтылат. Мунун өзү ушул майда Анжиян окуяларында өзбек бийликтери демонстранттарды күч менен басышкандан кийин Борбор Азияда дипломатиялык абалдын өзгөргөнүнөн кабар берет.

Бул декларация дүйнөнүн сегиз бай мамлекетинин Шотландиядагы саммити алдында кабыл алынды. Бул жолугушууда Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Шанхай кызматташтык уюмуна да мүчө эки ири мамлекеттин президенттери менен көрүшө турганы күтүлүүдө. Булар: Кытай президенти Ху Цзинтао менен Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин.

Жалпысынан, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү акыркы эки жыл катары менен Грузия, Украина, андан кийин, Кыргызстандагы коррупцияга белчесинен баткан режимдерди кулаткан “түстүү ыңкылаптарга” терс мамиледе. Андыктан, алар ушул тапта ырасмий Ташкен ээлеген позицияны да туура деп билишет.

Шанхай кызматташтык уюму АКШга да шектүү карап, алардын айрымдары постсоветтик мамлекеттердеги көтөрүлүштөр үчүн жоопкерчиликти ырасмий Вашингтонго тагып жатышат.

Астана саммитинде кабыл алынган декларацияда “уюмга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн аба майдандарын антитеррористтик коалицияга Ооганстандагы операциялар үчүн беришкенин, бул миссиядан азыр да баш тартпай тургандыктарын” айтышты. Анткен менен, “антитеррористтик коалициянын мүчөлөрү да бул аба майдандарды качанга чейин колдонушаары тууралуу так айтуулары зарыл” деп белгиленди анда.

Шаршембиде Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Ооганстандагы кырдаал турукташа баштаганын, демек, АКШнын аскерий базасын көпкө кармоонун зарылчылыгы жок экенин айтты.

- Баарыбыз эле антитеррористтик операциянын мүчөсү болобуз. Бирок ким каерде иш менен жүрсө, анын чектелүү убактысы болот. Биз Шанхай кызматташтык уюмуна да мүчөбүз. Ошондуктан бул уюмга кирген калган өлкөлөр менен бирге ушундай суроо эле койдук.

Кошмо Штаттар болсо аскерий базалардын канча мезгилге чейин ал өлкөлөрдө сакталышы тууралуу өкмөт ошол мамлекеттердин өздөрү менен гана сүйлөшө турганын билдирди. АКШ өкмөтүнүн ишениминде, бул регионалдык уюмдун жоопкерчилигине кирбей турган маселе. АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Шон Маккормак мындай дейт:

- Биздин бул мамлекеттерде болушубуз эки тараптуу келишимдердин негизинде, эки жакка тең пайдалуу шарттарда кабыл алынып, бекитилген.

Айрым эларалык аналитиктер бул декларация АКШ өзбек бийликтерин Анжиян окуялары үчүн айыптагандан кийин кабыл алынганын айтышат. Белгилүү болгондой, АКШ да, бир катар башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана укук коргоо уюмдарындай эле, президент Ислам Каримовду Анжияндагы окуяларды эларалык эксперттерге иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. Бирок буга Ислам Каримов макулдугун берген эмес. Анжиян окуяларына күбө болгондордун айтымында андан жүздөгөн адамдар өлгөн.

Каримов колдоону Орусия менен Кытайдан тапты. Бул мамлекеттер мезгил-мезгили менен Вашингтонду башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптап турушат.

Анын үстүнө, өткөн жумада Каримов да, анан мурдагы кыргыз президенти Аскар Акаев да антиамерикалык маанайдагы билдирүүлөрдү жасашканы маалым.

28-июнда орусиялык сыналгы каналы Каримов менен Путиндин сүйлөшүүлөрүн көрсөттү. Анда Каримов майдагы окуяларда түрмөдөн адамдардын качышында жана демонстрациянын тутанышына АКШ күнөөлүү деген ойду айтты. Анын пикиринде, муну менен Кошмо Штаттары өзбек жеринде дагы бир ыңкылапты өткөрүүнү каалаган.

АКШнын Мамдепартаменти бул айыпты ошол эле замат четке кагып, анын ырасмий өкүлү “Биз бул окуялардын артында ким турганын билүү үчүн эларалык иликтөө жүргүзүлүшү керек деп айтып жатпайбызбы!” деди.

Бул окуядан эки күн өтүп-өтпөй Кыргызстандын мурдагы президенти «Assosiated Press” маалымат агенттигине интервью берип, анда “Кыргызстандагы толкундоолорду да АКШ жасаган” деп билдирген. Анын пикиринде, Акаев Орусияга да аскерий база ачууга мүмкүнчүлүк бергенден кийин АКШ аны кулатууга даярдана баштаган.

Кошмо Штаттары бул айыптоону да четке какты.

XS
SM
MD
LG