Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ЛОНДОНДОГУ ЖАРДЫРУУЛАР ЧОҢ СЕГИЗДИН САММИТИНЕ ТОСКООЛ КЫЛДЫ


Бейшембиде британ башкааласы Лондондо орун алган жарылуулар Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн Шотландиянын Глениглс деген жеринде өтүп жаткан саммитинде глобалдык жылуулук жана дүйнөлүк соода маселеси боюнча алгачкы күнкү талкууларга тоскоолдук кылды. Жыйындын конок ээси, британ премьери Тони Блэрге сүйлөшүүлөрдү таштап, убактысынча Лондонго кайтууга туура келди. Блэр өз билдирүүсүндө жардырууларды Чоң сегиздин ушул жыйынына тушташ уюштурулган терракт катары мүнөздөдү.

Британ премьери Тони Блэрдин айтымында, Лондондо бейшембиде орун алган жардыруулар атайын Чоң сегиздин саммитинин ачылышына тушташ уюштурулган "варвардык терракт" экени анык:

- Бул - терракт же террактардын сериясы экени айдан ачык. Бул ошондой эле Чоң сегиздин жыйынынын башталышына дал келтирүү үчүн багытталганы, максатталганы да анык .

Тони Блэр Лондондогу жарылуулардан кийинки пресс-конференцияда белгилегендей, Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн лидерлери бейшембидеги сүйлөшүүлөрдү ансыз улантып турууну чечишкен.

Бул күнү саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе – глобалдык жылуулук проблемасы эле.

Жер шаарында аба ырайынын ысып бара жатышынын бир себеби деп эсептелген өндүрүштөн бөлүнүүчү булганыч газдарды кыскартуу максатында Киото протоколу деген эл аралык документ кабыл алынган болчу. Бул эл аралык келишимди Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн АКШдан башка калган жетөөсү: Британия, Франция, Германия, Италия, Жапония, Орусия, Канада ратификациялаган. Келишимге оболу АКШ да кол коюуп, бирок кийинчерээк андан чыгып кеткен. АКШ президенти Жорж Буш айтып келе жаткандай, Киото протоколу анын өлкөсүнүн экономикасына зыян келтирет. АКШ президенти мындай туруму өзгөрбөгөнүн саммитке келгенге чейин эле ачыктаган. Андыктан Жорж Буштун пикиринде, глобалдык жылуулук проблемасын чечүүдө, азыр дүйнөнүн өнөр жайлуу өлкөлөрү Киото протоколунун чегинен чыгып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү да катыштырган стратегиянын үстүндө иштеши керек.

АКШ президенти бейшембиде жыйын башталар алдында кабарчыларга буларды айтты:

-Биз глобалдык жылуулук проблемасын чечүүгө, ага катар экономиканын негизин кайра түзүүгө жылына 20 миллиард доллардан ашуун каражат коротобуз. Бул - АКШнын экономикалык гана эмес, улуттук коопсуздугунун проблемасы. Биз муну талкуулашыбыз керек. Азыр Киото протоколунун алкагынан чыгып, АКШ, албетте, Британия сыяктуу өлкөлөр гана эмес, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди да камтый турган стратегияны өнүктүрүүчү мезгил.

Глобалдык жылуулук маселесинде АКШ менен Британиянын туруму бири- бирине кайчы экени белгилүү. Британ премьери Тони Блэрдин айтымында, тараптар мунасага жетүүнүн жолдорун издеп жатышат:

- Глобалдык жылуулукка байланыштуу айтсак, биз жалпы чечимге келүүнүн жолдорун издеп жатабыз. АКШ, Европа, Жапония гана эмес келечекте энергияны көп керектөөчү Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттер дагы. Биз муну жасай алабызбы? Мен билбейм. Бирок жок дегенде алдыда бизге бул маселеде прогресске жетүүгө мүмкүндүк берүүчү сүйлөшүүнү баштаганыбыз маанилүү.

Айтор саммитте глобалдык жылуулук маселеси боюнча олуттуу жылыш болбосо да, анын соңундагы билдирүүдө буга каршы тезинен чара көрүү, таза технологияларды өнүктүрүү багытында аракеттерди баштоо, сүйлөшүүлөргө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ирилерин да тартуу зарылдыгы белгиленчүдөй.

Саммитин күн тартибиндеги башка маселелер да жеңил чечилүүчүлөрдөн эмес. Өнүккөн өлкөлөрдүн айыл-чарба субсидияларын токтотуусун көптөр Африкада экспорт жандануусуна өбөлгө берчи жол катары карашат. Мындан эгер жылыш болсо, жума күнү дүйнө лидерлери Африкадагы жакырчылыкты азайтуу маселесин талкуулаганда жаралчудай. Ал эми антиглобалисттердин саммитке тушташ уюштурган нааразылык акциялары тынч мүнөздө өттү, полиция буга чейин алардын 200дөй өкүлүн камакка алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG