Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН КАЙГАЙЫ, КАРШЫ ДОБУШТАРДЫ АКЧАГА ИЗДЕП ЖҮРГӨНДӨР ЧЫГУУДА, ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ


10-июлдагы президенттик шайлоо жыйынтыксыз аяктап калышы ыктымал экени жакындан бери айтыла баштады. Жоромол-түкшүмөлдүн чыгышына белгисиз бирөөлөрдүн шайлоочуларга акча таратып, тизмедеги талапкерлердин баарын чийип таштоого үгүттөп жүрүшкөнү себеп болууда. Апта соңундагы кыргыз басылмаларында президенттик шайлоо темасы байма-бай чагылдырылууда.

А. Акаев бийлигин жактоочулар колунда турган кызматын оңой эле элдик ыңкылаптын шарданында башкарууга келишкен жаңы муун саясатчыларга бере коюшпайт. Алар эми президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрө башташты. Бирок Кыргызстан эли эски бийликтин келишине эми жол бербейт, деп жазышат жаңы өкмөт мүчөлөрү. Алардын кайрылуусу бейшемби күнкү «Общественный рейтинг», «Жаңы кылым», жума күнкү «МСН» гезиттеринде жарыяланды.

Кыргызстандын президентин шайлоо иши үзгүлтүккө учурап калуу коркунучу пайда болду, деп жазат бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов. Республиканын көп жерлеринен шайлоочуларды шайлоого катышпоого, барса да баарын чийип таштап салууга үндөп, акча тараткандар тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Шайлоону үзгүлтүккө учуратуу коркунучу бар экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов да ырастады.

Саясатчылар бул аракеттин артында мурдагы бийлик өкүлдөрү турат дешет. Башкалары кыңыр иштин артында үчүнчү бир күчтөр туруп калышы деле толук ыктымалдыгын айтышууда, деп белгилейт макала автору.

Өз алдынчалыкка жеткенге он беш жыл толгондон кийин экинчи президентти шайлоо мүмкүндүгүнө жетишип отурабыз. Эгер биз өз турмушубуздун жаратманы болсок, мүмкүн, 3- же 4- президентти шайлап калышыбыз толук ыктымал болчу. Өлкө кедей, аткаминерлеринен баш адашат, татыктуусун тандоо кыйын, деп жазат журналист Малика Курманова ушул эле гезиттеги «Иштей ала турганын тандоо керек» деген макаласында.

Бейшемби күнкү «Лица» гезитинде Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев менен маек жарыяланды. Аңгеме-дүкөн «Бизге журт атасы керек, анда Махатма Ганди менен Рузвельттин сапаттары болсун» деп аталат.

А. Акаев жакын адамдарын сатып кетти, кийин алар анын душманына айланып чыга келишти. Коррупция өлкөнү толук кучагына алып, демократияны бийлик да, оппозиция да пайда таап туйтунуунун булагына айлантып алышкан болчу, дейт М.Иманалиев. Анын ырасташынча, ушу тапта болуп аткандын баарын эле Акаевге жүктөп коюу жарабайт, Бакиев бийлигине ичи чыкпагандар Кыргызстанда деле толтура.

Кыргызстан өз арбайын өзү жакшы жөндөй албай турган чагында тышкы саясий кысталыш кырдаалга капталганын жума күнкү «Кыргыз руху» гезити жазды. Шаңхай кызматташуу уюму АКШнын Кыргызстандагы аскерий күчтөрүн алып чыгуу мөөнөтүн тактап берүүсүн талап кылууга өтсө, коңшу Өзбекстан качкындарын кайтарып берүүнү көжөрүп суроодо. Кыргызстан азырынча бир чечимге келе элек, деп белгилейт гезит кабарчысы Ж.Масалиева.

Жаңы бийлик деле А.Акаевдин кейпин кийип «контр» издөөгө өттү. Мындай пикирин жума күнкү «Агым» гезитинде композитор Тарас Асанакунов билдирди.

Басылмада дагы кандай материалдар жарыяланганын жооптуу катчы Г.Каленовада айтып берди:

- Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү», Жеңишбек Назаралиевдин кайрылуусу, экс-депутат Бейшен Молдогазиевдин «алтын чыры» тууралуу маегинин жыйынтык бөлүмү, Мамат Сабыровдун Аскар Акаев менен чогуу качкандар тууралуу макаласы, Асыран Айдаралиевдин репортажы жарыяланды.

Бийлик, анын каршылаштары, улуттук идея, коомдун өзүн-өзү аңдоосу тууралуу жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде мударис Кусейин Исаев ой жүгүртөт. Элин, мамлекетин таштап качып кеткен президент чыккынчы. Колу менен жасаганын мойну менен тартышы керек, дейт К.Исаев.

Талас облусундагы № 55-Бакайата аймактык шайлоо округундагы депутаттык орун үчүн талаш сотто 9 ирет териштирилгендиги, чуулуу ишке дагыле чекит коюла электиги жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде баяндалат.

Ушул эле гезитте жарыяланган макаласында Чүй облусунун прокурору Кадыркул Бакиров экс-президенттин жакын тууганы Эркин Акаев менен мурдагы президенттик администрация башчысы Тойчубек Касымовго каршы кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
XS
SM
MD
LG