Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Жаш мугалимдер тандалат


БИШКЕК. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 10-августтан 25ине чейин «Жаш мугалимдин депозити» аттуу конкурс өткөрөт. Ал алыскы райондордогу мектептерди жаш адистер менен камсыздоого багытталып, өткөн жылы ишке киргизилген «Жаш мугалимдин депозити» аттуу программанын алкагында жүргүзүлөт. «Айылдык мектеп» деген долбоордун негизинде былтыркы 200 орунга быйыл дагы 100 мугалим керектиги белгиленип, бул жолу 300 жаш мугалим тандалмакчы. Программага ылайык конкурста жеңген мугалим менен 3 жылдык контракт түзүлөт жана анын айлыгына айына 2 миң сомдук кошумча акча берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG