Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Чет жерде кошумча шайлоо участкалары түзүлдү


БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандын аймагынан тышкары жерлерде 40 шайлоо участкасы иштейт. Анын 15 көчмө шайлоо участкасы болот. Ал эми Орусияда жүргөн кыргыз атуулдарынын добуш берүүсү үчүн кошумча дагы эки көчмө участкасы уюштурулуп, 5 миң бюллетень Тышкы иштер министрлиги үчүн даярдалат. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 8-июлдагы жыйынында кабыл алынды. Буга Тышкы иштер министрлигинин шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин өтүнүчү негиз болду. Чет өлкөдө жүргөн кыргыз атуулдарынын добуш берүүсү үчүн Орусиянын 11 шаарында 15 көчмө шайлоо участкасы, Казакстандын эки шаарында 2 шайлоо участкасы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG