Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Үгүт иши таңкы саат 7де токтойт


БИШКЕК. Президенттик шайлоонун үгүт иштери 9-июлда таңкы саат 7де токтотулат. Мындай өзгөрүү бул жолку добуш берүү эртең мененки саат жетиде башталып, кечки саат тогузда аяктайт деген өзгөртүүнүн Шайлоо Кодексине киргизилгендигинен улам болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 8-июлда билдирүү таратып, атуулдарды добуш берүүгө жоопкерчиликтүү жана сергек мамиле жасоого чакырды. Андан тышкары «менин добушум эч нерсени чечпейт жана баары мурда эле чечилген» деген көз караштан арылууга үндөдү. Ал эми президенттик орун үчүн 6 атуул- өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун төрагасы Акбаралы Айтикеев, президенттин милдетин аткаруучу, премьер- министр Курманбек Бакиев, «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев, «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева ат салышып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG