Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

БШК байкоону калыс жүргүзүүгө эл аралык байкоочуларды чакырды


БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 8-июлда президенттик шайлоого калыс байкоо салып, так чагылдырууну эл аралык байкоочулар менен чет өлкөлүк журналисттерден өтүндү. Анын айтымында, буга шайлоонун кемтик жагын гана издеп, аны каралоо максатын көздөгөн журналисттер менен байкоочулардын бар экендиги түрткү болду:

- Биздин шайлоону жаманатты кылыш үчүн келген уюмдар бар. Аларга айрым адамдар акча төлөп атайын жөнөткөн. Бийлик үчүн күрөш ар кандай ыкма менен жүрөөрү жакшы белгилүү.

Туйгунаалы Абдраимов буга шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Европалык уюмдар тармагынын Кыргызстанда келген миссиясынын ашыкча даярдалып калган 15 миң бюллетень тууралуу туура эмес маалыматты тынымсыз таратып жаткандыгын мисалга тартты. Анын айтымында, БШКнын кызматкеринин жаңылыштыгы менен ашыкча даярдалып калган бюллетендер дароо жок кылынган жана андай көрүнүш буга чейин деле болчу. БШК төрагасы андан тышкары ЕККУнун байкоочуларынын аракетине байланыштуу Европарламентке расмий билдирүү жөнөтөөрүн «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда кабарлады. Анын айтымында, буга ЕККУ байкоочулары менен жыйналышты жабык эшик артында өткөргөнү негиз берди. 10-июлдагы президенттик шайлоого 967 эл аралык байкоочу, чет өлкөлүк 104 маалымат каражатынын 277 журналисти көз салышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG