Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

БУУнун Өнүктүрүү программасы билдирүү таратты


БИШКЕК. Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштууу 8-июлда билдирүү таратып, анда азыркы учурду Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү мезгил катары баалады. «Биз Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү тынч жана конструктивдүү демократиялык дебаттар менен өтүп жатканын канааттануу менен белгилейбиз. Добуш берүүнүн да ошондой нукта, мыйзам чегинде өтүүсүнө салым кошууга бардык партияларды, талапкерлерди чакырабыз. Бул шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү жалпы Борбор Азия регионуна таасири чоң болот», деп белгиленген билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG