Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

Лондондогу жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок


БИШКЕК. Лондондогу жардыруулардан кыргыз атуулдарынын жабыр тарткандыгы тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги 8-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, тышкы иштер министрлиги кырдаалга көз салууну улантууда. Министрлик ошондой эле Лондондогу террордук актыларды айыптап, жабыркаган үй-бүлөлөргө көңүл айтууда. «Арнамыс» партиясы да террордук актыны айыптап, ар кандай максаттарга саясий жол менен жетүү тууралыгын белгилейт. «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова бул үрөй учурган террордук чабуулду айыптаарын, мындан ары батыш өлкөлөрү террорчуларга каршы күрөштү күчөтөөрүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG