Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Экс-президент Аскар Акаевдин кол тийбестик укугун алып салуу маселеси ушул күздө парламентке сунушталышы ыктымал. Айрым байкоочулар Акаевге байланышкан жагдайдын мындай өнүгүшүнө 17-июндагы окуя негиз бериши мүмкүн деп болжошот. Ал эми экс-президенттин жактоочулары мындай божомолдорду жаңы бийликтин кезектеги майнапсыз аракети катары баалап жатышат.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 7-июнда уюштурган маалымат жыйынында экс-президент Аскар Акаевге жана анын жакындарына саясий куугунтук болуп жатат деген дооматтарды төгүндөдү. Тескерисинче, өздөрүнүн айыпсыз экендигин далилдөө үчүн кызматташкысы келбей жатышат деди.

Анын айтымында, коррупцияга аралашкандыгы, кызматтык кылмыш жасагандыгы, мамлекеттик бюджетке зыян келтиргендиги өңдүү багыттар боюнча айыпталып жаткандардын негизгилери - Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев, Николай Танаев.

Аталган адамдарга байланышкан кылмыштарды иликтөө аракеттерине орусиялык, казакстандык кесиптештер кайдигер болуп жатышат:

- Орусиянын Башкы прокуратурасындагы кесиптештерибиз дагы эмнегедир акивдүүлүгүн көрсөтпөй жатышат. Мен бул тууралуу телефон аркылуу да айттым. Биз тергөө баракчасын эчак эле жөнөткөнбүз.

Анткен менен Башкы прокурор экс-президенттин жакындарына эле эмес, анын өзүнө байланыштуу да иш козголушу ыктымалдыгын кыйытууда:

- Маселен, экс-президент Аскар Акаев Улуттук Банктын, Борбордук казыналыктын мамлекеттик жогорку кызматкерлеринен Улуттук Банктагы 420 миң доллар каражатты алгандыгы тууралуу тергөөдө далилдүү, конкреттүү факт бар.

Бекназаровдун айтымында, күзгө чейин мындай дагы ондогон негиздүү фактылар чыгат, алардын негизинде, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси көтөрүлүшү толук ыктымал:

- Жеке эле Айдар Акаевди эмес, күзүндө, анын атасы Аскарды да кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен кайрылышыбыз мүмкүн.

Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун парламент сентябрда караары күтүлүүдө. Төрага Өмүрбек Текебаев бул маселени кароонун мыйзамдык тартиби ошондой жагдайды түзүп жатат дейт:

- Мына Азимбек Бекназаровдун маалыматын окудум. Акаевдин айланасындагы качып кеткен 4-5 адамга эле иш козголуптур. Азыркы өкмөттө отурган, иш козголгон же иш козголо турган канча адамдар бар. Мына ушуларды четинен кызматынан алып иштерге тартуу керек. Жергиликтүү акимчиликте иштеп, канча кыргыз элине зыян келтирип, кылмыш кылган адамдар бар. Аларды четинен кармап, иш козгоп, жоопкерчиликке тартуу керек. Ошондуктан, мен ойлойм, күзгө чейин Башкы прокуратуранын алдында абдан чоң иштер турат. Күзгө чейин иш табылат. Ал эми Айдар Акаевдин ишин сентябрь айында карап, мыйзам чегинде Башкы прокурорго жообун беребиз.

Аскар Акаев жана анын тарапкерлери болсо азыркы бийлик көтөрүп жаткан маселелердин бардыгын саясий куугунтук катары баалап жатышат. Мындай пикирин маалымат жыйынында билдирген адвокат Максим Максимович Акаевдерди тигил же бул кылмыштар боюнча айыптоого эч кандай негиз жок деди.

Ал эми Аскар Акаевди колдоо максатында мындан бир нече жыл мурда түзүлгөн «Элим менен, Элим үчүн» кыймылынын төрагасы Алымбай Сатыбаев бийлик өзүн актоо үчүн ушундай аракеттерди жасап жатат дейт:

- Бул бийлик азыр тупикке кирип калды. Ошон үчүн, ошол өздөрүнүн жасаган иштерин коргоо үчүн жасап атат муну.

Сатыбаевдин оюнда, азыркы бийлик сот боло электе эле айып тагуу менен мыйзамды одоно бузуп жатат, ал эми 17-июнь окуясын Аскар Акаев менен байланыштыруу караманча натура.

Анткен менен вице-премьер-министр Адахан Мадумаровдун айтымында, Аскар Акаевдин 17-июнь окуясын Москвада туруп башкаргандыгы тууралуу далилдүү фактылар бар, ошондуктан, Коопсуздук кеңеши маселени президенттик шайлоодон кийин караганы жатат.

Акаевге байланышкан бул жаңы жагдайды аналитиктер ар кыл өңүттө талдай башташты. Алардын айрымдары жаңы жагдай далилденсе, бул экс-президенттин кол тийбестик укугун алып салууну шартташы толук ыктымал. Март окуясынан кийин парламент кол тийбестик укугунан Аскар Акаевдин үй-бүлөсүн ажыраткан болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG