Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

БРИТАНДЫК МУСУЛМАНДАР ЛОНДОНДОГУ ТЕРРАКТТАРДЫ АЙЫПТАШТЫ


Британиялык мусулмандар да бейшемби күнкү теракттарды айыптап чыгышты. Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган кылмышкерлер мусулмандар эмес, - дешет Британиядагы мусулмандардын өкүлдөрү. Ошол эле мезгилде көпчүлүк мусулмандар эми аларга карата ишенбөөчүлүк, атүгүл экстремисттик турумдагы топтор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр күч алат деп чочулашат. Айрымдары болсо, британдыктар акылдуу эл, сокур фанатиктер менен катардагы мусулмандардын айырмасын түшүнүшөт деп ырасташат.

Кол салуулардын артында ким турбасын, биз аларды катуу айыптайбыз, - дейт Ахмадия Мусулмандарынын Улуу Британиядагы Ассоциациясынын вице-президенти Мансур Шах:

- Мусулман дүйнөсүндө андай кишилерге орун жок. Алар мусулмандар эмес. Британиянын Мусулмандар Кеңеши бул өңдүү теракттарды айыптоого тийиш, андай кишилерди Исламдан алысыраак кармаш керек.

Британиядагы мусулман уюмдарынын дээрлик бардыгы ушундай эле турумду ээлейт.

Мусулмандар Кеңешинин баш катчысы Сэр Икбал Сакрани жасаган атайын билдирүүдө “Жардырууларды пландап, ишке ашырган кара ниет адамдар биздин элди бөлүп-жаргылары келет. Бардыгыбыз киши өлтүргүчтөрдү табууда полицияга жардам беришибиз керек. Курман болгондор ар кыл диндердин, расалардын, улуттардын өкүлдөрү экенин унутпайлы”, - делет.

Аны менен бирге теракттарды ислам радикалдары уюштурганы чын болуп чыкса, анын арты мусулман коомчулугу үчүн кандай болот деген чочулоолор да жок эмес.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “ал-Кайиданын” Европадагы Жихад тобу өзүнө алды. Британ өкмөтү жардырууларды ким ишке ашырганы тууралуу азырынча так айтуу эртелик кылат деп ырастоодо.

- Кээ бир британдыктардын бизге карата мамилеси начарлай түшөөрү анык. Ал да түшүнүктүү. Себеби террактарды жасаган кишилер мусулмандар экенин алар эстен чыгарышпайт. Бирок британдардын басымдуу көпчүлүгү толеранттуу, түшүнүгү кенен адамдар. Алар террористтердин деңгээлине түшүшпөйт деп ишенем, - дейт Мансур Шах.

Жаш адвокат, мусулман Имран Адин соңку терракт анын жоро-жолдошторун камтамага салганын айтат:

- Жардырууларга, кабарларда айтылгандай мусулман экстремисттеринин тиешеси бар экени чын болуп чыкса, анда, албетте, мусулман эмес калк арасында тынчсыздануу өсөт.

Айткандай эле, Британиянын оңчул улуттук партиясы жардыруулардан кийин иммиграция саясатын күчөтүүгө чакырды.

Адвокат Адин кебин мусулмандар да буга чейин ушул өңдүү кол салуулардан жапа чегип келгенин белгилеп, бейшемби күнкү терракттын курмандыктары арасында да мусулмандар бар болушу мүмкүн деп өз сөзүн улантат:

- Акыркы жардыруулардан мусулмандар да жабыркады деп ойлойм. Алар да метро менен, автобуска түшүп жүрүшөт. Алар да Лондондун борборунда, баш калаанын башка жерлеринде, Британиянын аймагында иштеп, жашашат.

XS
SM
MD
LG