Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

ЭҢ ӨНҮККӨН МАМЛЕКЕТТЕРДИН ШОТЛАНДИЯДАГЫ БИЙИК ЖОЛУГУШУУСУ АЯКТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 8-июлда Шотландиянын Глениглс деген шаарында дүйнөнүн эң өнүккөн сегиз мамлекетинин жетекчилеринин бийик жолугушуусу аяктады. Алгач анда негизги деп Африка мамлекеттерине көрсөтүлгөн жардамды көбөйтүү жана дүйнө аба ырайындагы глобалдуу өзгөрүүлөрдөн чыккан маселелер талкууланмак, бирок 7-июлда Лондон шаарында болгон жарылуулардан кийин террорчулук маселеси да каралды.

Эң өнүккөн мамлекеттердин жетекчилеринин жыйындары расми эмес жыйын, ага премьерлер же тышкы иштер министрлери катышпайт, ошондуктан мамлекет жетекчилери дээрлик эркин сүйлөшөт. Алгачкы жыйынга мындан 30 жыл мурда беш өнүккөн өлкөнүн башчысы чогулган, кийин бул клубдун мүчөлөрү жетиге жетип, ал "Улуу жети" деп атала баштаган. Анын мүчөлөрү - Алмания, АКШ, Британия, Жапония, Италия, Канада жана Франция. 1992-жылдагы саммитке болсо Орусиядагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоо иретинде ал кездеги өлкө президенти Борис Ельцин чакырылган, бирок ал экономика боюнча жыйындарга катышкан эмес.

Азыркы орус президенти Владимир Путин бул саммиттерге 2000-жылдан бери катышууда, эмдиги жылы Орусия "Улуу сегиздин" төрагасы да болууга камданып жатат жана аны көптөгөн саясатчы сынга алууда, анткени Орусиянын экономикасы азыр дүйнөдө он алтынчы гана орунда, Путиндин бийлиги алдында болсо өлкөдөгү демократия бир топ тоскоолдуктарга такалууда. "Нью-Йорк таймс" гезитинин жазышынча, Орусиянын Иран жана Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттер менен мамилеси жакшы болгондуктан, аларга Маскөө аркылуу таасир кылуу максатында жана террорчулук маселесинен улам гана Орусия эң өнүккөн мамлекеттер катарына кошулган.

Британия менен АКШ акыркы жылдарда Ирак саясаты үчүн катуу сынга алынып жаткандыктан, Шотландияда 6-8-июлда өткөн саммиттин кожоюну катары британ премьер-министри Тони Блэр анын күн тартибине Африка менен аба ырайы тууралуу маселелерди киргизген. Бирок 7-июлда Лондондо бир нече жарылуу болгондуктан, жыйында террор маселеси да талкууланды, Блэр шашылыш түрдө ошол эле күнү Лондонго барып келди, 8-июлда болсо саммит белгиленген сааттан эртерээк аяктады. АКШ президенти Жорж Буш дагы америкалык өкмөт мүчөлөрү менен видео аркылуу бир нече жыйын өткөрдү.

Блэрдин айтымында, Лондондо ишке ашырылган террор аракеттерин уюштургандар дүйнө жетекчилери арасында араздашуу жаратууну көздөгөн болсо, натыйжада тескерисинче, алар ого бетер бирикти жана эл аралык террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү тууралуу макулдашты. Британ премьери жыйындын соңунда журналисттерге билдиргенге караганда, аба ырайынын ысып баратышына негизги салым кошкон таштанды газдардын көлөмүн кыскартуу жөнүндө да макулдашуу болду, бирок ал тууралуу 1997-жылы Киото шаарында түзүлгөн протоколдон АКШ чыгып кеткени белгилүү жана Вашингтон өз турумун өзгөрткөн жок.

Блэрдин айтымында, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу максатында Палестина менен Израилге үч миллиард доллар жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жакырчылыктан жапа чеккен Африка мамлекеттерине көрсөтүлө турган жардам болсо 50 миллиард долларга көбөйтүлөт жана бул жаңы саясаттын башталышы гана:

- Жардамдын көлөмү 50 миллиард долларга көбөйтүлүшү, жаңы соода келишимдерин түзүү, жакыр мамлекеттердин карызын кечүү, СПИДке каршы биргелешип күрөшүү, Африкага бейпилдик аскерлерин жиберүү, Африка жетекчилерин демократиялык жолго алып келүү жана адилеттүү башкаруучулук менен мыйзамдын негизинде жетекчилик кылуу - мунун баары дүйнөнү бир күндө өзгөртүп жибере албайт, аны менен маселе чечилип калбайт, бул чоң иштин башталышы гана.

Жыйынга Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жетекчилери, Африканын бир топ өлкөсүнүн президенттери, Кытай, Индия, Мексика, Бразилия жана Түштүк Африканын да өкүлдөрү катышты.
XS
SM
MD
LG