Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

БИРИҢЕРДЕН БИРИҢ ЭР, ПРЕЗИДЕНТ БОЛЧУ КИМИҢЕР?


Эгемен Кыргызстандын экинчи президентинин ысымы саналуу сааттардан кийин белгилүү болот. Ат салышып жаткан 6 талапкердин - Акбаралы Айтикеев, Курманбек Бакиев, Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыпар Жекшеев жана Токтайым Үмөталиеванын кимисинин багына мамлекетти башкаруу буюрганын 10-июлдан кийин билебиз. «Азаттык» үналгысы 6 талапкерге атайын суроолор менен кайрылды. Биринчи суроо: президенттикке эмне себептен чыгып жатасыз? Экинчи суроо: президенттик кызмат сиз үчүн эмнени билдирет? Талапкерлердин жоопторунан тышкары алардын өмүр баяны тууралуу кыскача маалымат да берилди.

Акбаралы Айтикеев

47 жашта. Билими жогорку. Киевдеги политехниклык институтун аяктаган. 1993-жылдан бери Кыргыз Республикасынын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти. Кыргыз, орус тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Биринчи суроого жообу:

-Президент деген өтө жоопкерчиликтүү, өтө ыйык кызмат. Эн алгачкы чечим биздин өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү, ар бир кыргызстандык атуулга – татыктуу жумуш, татыктуу турмуш. 2,5 жылдын ичинде бардык облустарда бирден завод жана фабрика, Бишкек жана Ош шаарларына экиден завод жана фабрика, жалпысынан 12 завод, фабриканы куруу. Кыргызстандын эртеңки күнүн Орусиядагыдай, Европадагыдай турмушка жеткирүү үчүн менин президенттикке талапкерлигимди эл суранды. КМШ, Балтия жана Европадагы 22 өлкөнүн Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин вице-президентинин кызматын ээлеп турган кезде элим үчүн, жерим үчүн айтылган 12 завод, фабриканы куруу чечимине келдим.

Экинчи суроого жообу:

- Президенттик кызматты ар бир адам өзүнчө түшүнүшү мүмкүн. Мен үчүн президенттик кызмат өтө ыйык, жоопкерчиликтүү элин бириктирүүчү, ар бир инсанды, ар бир Кыргызстандыкты өзүндөй көргөн, ар бирин жалпы коргой билген, ар биринин бактысы үчүн күрөшө алган кызмат. Мекенибиздин бүтүндүгүн кармай билген, кыргызды, Кыргызстанды өнүктүрө алган киши гана президент боло алат. Негизгиси, мен өткөндө айткандай «Кыргызды бөлгөн кыргыз, кыргыз эмес, ал өз элинин душманы». Азыркы убактагы чиновниктер 15 жыл иштеп, эч нерсеге жарабаган адамдар. Өндүрүштү дагы, саясатты дагы өздөштүрө албай, дагы эле уйгактай болуп бийликке жабышкан адамдарды жумуштан бошотуш керек. Ар бир мекендешим, ар бир боордошум, Кыргызстандыктардын бардыгы коргонууга аргасыз. Ошондуктан биздин ураан «Бүгүн коргонуу- эртең жеңиш». Кудай буйурса элибиз жапа тырмак, Кыргызстандык боордошторум балдарыбыздын келечеги, ата-энелерибиздин көңүлү үчүн, келечек муундун бактысы үчүн 10-июлдагы президенттик шайлоого активдүү катышып, Кыргызстандын жаңы тарыхый жолго түшүшүнө бекем туруп беришсе, биз жаңы адамдар Кыргызстанда эки жарым жылдын ичинде кудай буйурса Орусиянын деңгээлиндеги, Европанын деңгээлиндеги заводдорду куруп, ар бир Кыргызстандык атуулду татыктуу жумуш менен камсыз кылабыз. Ошого жараша ар бир атуул чет өлкөгө чыкканда баштарын өйдө көтөрүп, чыныгы Манастын урпактарындай болушубуз керек.

Курманбек Бакиев

56 жашта. Билими жогорку. Электрондук эсептегич машина боюнча адис. Бир катар мамлекеттик жоопту кызматтарда иштеген. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки уулу бар.

Биринчи суроого жообу:

-Мен биринчиден, өлкө башчысы болом деп ойлогон эмесмин. Бала кезимден мектепке баргандан баштап мен аскер окуу жайына барайын деген ой-максатым бар эле. Үй-бүлөдө эң улуусу болчумун. Апам аны угуп алып, жөнөтпөй койгон. Бала кезимден аскер адамы болууну самачумун. Аскер окуу жайын барбай калган соң Орусиянын Куйбышев шаарындагы политехникалык институтка өттүм. Экинчи курста окуп жүргөндө, Армавир учкучтардын жогорку окуу жайына кат жаздым, мен силерде окугум келет деп. Ал эми Куйбышевде өзүм жалгызмын, атам-апам бул жакта, өзүмө өзүм кожоюн, эркин жүрөм. Кат жазсам алар айтты, биринчи курска экзаменсиз кабыл алабыз, эгерде мед.текшерүүдөн өтсөңүз деп. Эч кимге айтпай текшерүүдөн өтө баштадым. Ден-соолугум абдан жакшы. Азыр деле жакшы. Бүт баарынан өттүм, көздөн өтпөй калдым, мен дольтоник экемин, билбей жүрө бериптирмин өзүм. Учкучтарды даярдаганда аябай татаал нерселерди көрсөтөт экен, ошондон эки жолу өтпөй калгам. Врач аял сурап калды, эмнеге бул жака өтүүгө аракет кылып атасың деп. Мен институтта окуйм, институтту таштап аскер учкучу болойун дедим эле дедим. Ал түшүндүрө баштады, туман, начар аба ырайы болсо сен самолетуңду кайда кондурасың, болбойт деди. Ошол бойдон калып калгам. Институтту бүтүрүп иштеп кеттим. Мен чоң кызматка келем деген максатты койгон эмесмин, ойлогон да эмесмин. Ар бир иштеген жеримде аракетимди жасап, эч качан качкан эмесмин. Жалалабатка 79-жылы көчүп келдик үй-бүлөм менен. Ошондо улук инженер болчумун, андан кийин бөлүм башчысы, андан кийин башкы инженерге орун басар болдум. Ошондо профкомдун төрагасынын орунбасары, парткомдун орунбасары болчумун. Иши кылып канчалык жумуш жүктөй берсе, мен качпай, макул деп иштей берчү элем, эч качан баш тарткан эмесмин. Ошол эле мезгилде техникумда сабак берчү элем. Кечке заводдо иштеп, Жалалабаддагы машина куруу техникуму бар эле, ошого барып кечиндеси экономикадан сабак берчү элем. Өзүмдүн кесибим инженер болгону менен экономиканы жакшылап өздөштүрөйүн, билейин деп атайын экономикадан сабак бергем. Ошентип эле иштеп келгем. Атайын максат койгон эмесмин премьер-министр болом деп, же президенттикке коем деп. Эми ачык айтса болот, кийин Чүйдө губернатор болуп иштеп атканда муруңку өкмөт башчыларынын иштегенин карап өзүмчө баа берип жүрчү элем, мен бул маселени мындай кылбайт элем, бул маселени башкача чечет элем деп, анча-мынча ичимде сындап жүргөм. Анан кийин эле президенттик шайлоодон кийин Аскар Акаев Муралиев экөөбүздүн талапкерлигибизди премьер-министрликке койду. Премьер-министр болуп иштеп жүргөндө ойлонгом, убагы келгенде президент акыры кетет, ошондо башка талапкерлер менен бирге президенттике коем деген ой-максат ошондо гана келген. Ага чейин андай ой болгон эмес.

Экинчи суроого жообу:

- Биринчиден, жоопкерчилиги өтө чоң. Мындай жоопкерчилик, чоң кызмат жок бардык эле мамлекетте. Экинчиден, бизде 5 млн. эл жашаса, ошол 5 миллион элдин каалайсыңбы, каалабайсыңбы, сен ушуну каалап кабыл алышың керек. Ошол ар бир биздин атуулдун турмуш тиричилигин, жашоо шартын, келечегин өзүмдүн мойнума алгандай, жеке милдетим катары кабыл алам. Бийлик катарында мен бийликти колума алып алып эле, башкарып бардыгына команда берүү стилди жактырбайм. Эгер мен ушунчалык эле бийликти жакшы көргөн киши болсом, Аксы окуясында эле кетпей көгөрүп отура берет элем. Мени кет деген киши болгон эмес. Ошондо эле мен бул саясатка каршымын деп өкмөт башчылыкты таштап кеткем. Ошондуктан мага президенттик кызмат кандайдыр бир атайын бийликтин аркасынан чуркап, ушул мен чоң бийликке ээ болойун деген максат эмес. Эң биринчиден элге кызмат кылып, көзүм жетип турган үчүн элдин жашоо турмушун көтөрөйүн деген гана максат менен барып атам.

Турсунбай Бакир уулу

47 жашта. Билими жогорку. Адиси тарых жана коом таануу боюнча окутуучу, философия илимдеринин кандидаты. 80ден ашык илимий, илимий-публицтикалык эмгектердин автору. Кыргыз, орус, англис, украин, өзбек жана башка тилдерде сүйлөй билет. Үй-бүлөлүү, беш баласы бар.

Биринчи суроого жообу:

-Азыркы президенттикке коюп аткан талапкерлердин ичинен жалгыз мен мурда президенттик шайлоого талапкер катары катышып жүргөм. Мына 1995-жылы президенттик шайлоого кол топтоп катышайын десем, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мамбетжунус Абылов жана ошол кездеги бийлик ээлери мени шайлоого жолоткон жок эле. Ошондо маркум Апсамат Масалиевичке ишенимдүү адам болуп шайлоого биринчи жолу катышкан элем. Экинчи жолу 2000-жылы кыргыз тилинен экзамен тапшырып, президенттик шайлоого катышып, анда да фальцификация болуп шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, биздин добуштарды уурдап Аскар Акаевге берип салган. Мына эми үчүнчү жолу президенттик шайлоого талапкерлигимди коюп атам. Менин ушул шайлоо тазараак болобу деген үмүтүм бар. Кудай буюрса өзүмдүм программам бар. Мен эч кимге өчөшкөн жокмун. Кээ бири айтып атышат, Турсунбек Акун, башкалар койсо болот эле деп. Мен тескерисинче жооп берет элем, башкалар койбой койсо болот эле мен коюп атканда. Себеби менин өзүмдүн так программам бар. 15 жылдан бери оппозицияда Аскар Акаевдин режими менен күрөшүп жүргөмүн. Мен кечээ эле чыккан жокмун. Ошондуктан мен саясатчы катарында өз программамды ишке ашырайын деп президенттик шайлоого талапкерлигимди коюп атам.

Экинчи суроого жообу:

- Менин Кудай шүгүр бийлигим бар. Кыргызстандын туңгуч акыйкатчысы, колумда 160 киши иштейт, 7 облуста 7 өкүлчүлүгүм бар. Мен үчүн биринчи кезекте президенттик шайлоо өз программамды ишке ашыруу, мен Кыргызстанда адилеттүү мамлекетти, ыймандуу коомду курайын деп атам. Экинчиден, колуман келип турганда элге кызмат кылышым керек. Себеби аркы дүйнөгө барганда Кудай таалама жооп берип атканда айтышым керек, мен элим үчүн, мусулмандар үчүн ушунча иштерди кылдым деп. Ошондуктан менин койгон максатым элиме кызмат кылуу.

Кеңешбек Дүйшөбаев

48 жашта. Билими жогорку. СССР Ички иштер министрлигинин академиясынан укуктук тартип чөйрөсүндө башкарууну уюштуруу адистигин алган. Милициянын генерал-майору. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Биринчи суроого жообу:

- Биринчиден эмне түрткү болду, өзүңүздөр көрүп атпайсыңарбы, акыркы мезгилде биздин мамлекетибизде, коомубузда тынчтыкты бузган, элди коопсуздандырган көп окуялар болуп өтпөдүбү. Ал 24-март гана эмес, ага чейинки бийлик органдарына болгон чабуулдар. Алардын имараттарын, бийлик бутактардын басылып алынышы, элдин толкушу, ошонун негизинде келип элдин ыркы бузулуп, ар кандай коогалаңдуу окуялар болуп, акыр-аягында бийлик алмашып, андан кийин дагы тынчтык болбой ар кандай окуялар болуп атат. Ошонун баары адамдарды тынчсыздандырып, биздин мамлекетибизде, коомубузда качан тартип болот, качан тынч жашайбыз, тартипти кое турган, мыйзамды калыбына келтире турган адам болобу деген абдан көп суроолор болууда. Ошондуктан бул ал-акыбалды мен ойлойм, ушул мезгилде балким бийлик башында мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн, укук коргоо органдарын колдоп, мамлекеттик тартипти чыңдап, элдин тынч жашоосун камсыз кылган адам керектир деп. Ошондуктан мен ушул ой менен өзүмдүн кандидатурамды коюуну туура көрдүм. Менин эң негизги лозунгам бул элге тынтчтык, бакубат жашоону камсыз кылып, мамлекетке туруктуулук, мыйзамдуулукту камсыз кылуу.

Экинчи суроого жообу:

- Президенттик мен үчүн мамлекеттин башы. Эгерде мамлекеттин биринчи башчысы өзүнүн жүрүш-турушу менен, адал эмгеги менен элдин купулуна толуп, элди жакшынакай турмушка үндөп алып бара турган болсо, андай президентти эл өзү эле колуна көтөрүп алып, ошондой президент дайым болушун талап кылып турат эле. Ошондуктан президенттик кызмат, өзүнө жакшы нерселерди таап, шарт түзүп алуу эмес, тескерисинче, элдин мүдөөсүн аткарып, элдин жүгүн көтөрө турган адам деп эсептейм.


Жыпар Жекшеев

58 жашта. Билими жогорку. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» саясий партиясынын лидери. Коомдук-саясий турмуштагы көйгөйлөрдү чагылдырган 100дөн ашуун макалалардын автору. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки кызы, төрт уулу бар.

Биринчи суроого жообу:

- Биринчиден, президенттикке ат салышууга түрткү берген эң негизги себеби, мына мен 15-20-жылдан бери саясатта жүрүп, элдин таламын талашып, чындык үчүн күрөшүп, мамлекетти демокртиялык, ыймандуу, элдик мамлекет түзөлү деп аракет кылганымдын баары ишке ашпай келет. Акаевдин мезгилинде түшүнөт элем, албетте ал убакта такыр башка режим болду. Сөз жүзүндө демократия, иш жүзүндө теңирден-тескери иштерин жүргүзүп атканына элдин баары күбө болуп отурат. Биз үчүн өтө кыйын болгон. 15 жылдан кийин, элдик революция болгондон кийин жаңы нукка түшөбүзбү десем, дагы эле эскиче иштеп атат биздин жаңы бийлик. Мына мен акыркы чыдамым ушул жерден бүттү. Биздин “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы чыгып өз алдынча курултайын өткөрүп, менин талапкерлигимди көрсөтүшүп, мына президенттикке атсалышып жүрөм. Себеби элдин койгон көпчүлүк талаптары аткарылбай келет. Акаевдин эң жакын адамдары бүгүн Бакиевдин адамдары болуп атканын элдин баары айтып атат. Эл баарын тең көрүп турат. Мен мындай команда менен иштеше албаганыма көзүм жетти. Жаңы реформа кандай жүрөт ушул убака чейин белгисиз. Эскиче эле иштеп атабыз. Демек, менин он беш жылдык саясатта болгон өмүрүм, аракетимдин баары текке кеткен экен деп түшүндүм дагы, мен өзүм аракет кылып президенттикке, эгерде Кудай буюруп утуп президенттке жетип калсам ошол иштин баарын, реформанын баарын өз колум менен баштап, мамлекетке элдин тилеген тилегин, ойлогон максатын жеткирейин деген ойдо гана атсалышып атам.

Экинчи суроого жообу:

- Президенттик кызмат - Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын эң чоң кепилдигин түзгөн кызмат деп эсептейм. Ошого кепилдик болуп ар кайсы бийлик бутактарынын ортосунда гарант болуп, мыйзамдуулукту сактап, мамлекеттин бардык институттарын туура багытта иштетип, ошондой эле элдин нукура мукаждыгын, нукура элдин укугун коргоп, муктаждыгын чечип, мамлекет менен элдин ортосундагы карама-каршылыкты жоюп, мамлекеттин өзү элдик мамлекет болушу үчүн күрөшүп атам.

Токтоайым Үмөталиева

43 жашта. Билими жогорку. Адистиги физик. Бир катар илимий жана саясий макалалардын автору. Үй-бүлөлүү, үч кызы бар.

Биринчи суроого жообу:

-Эң биринчиден бул чечимди мен 24-марттан кийин кабыл алдым го деп ойлойм. Себеби мамлекетим коркунучта турганда мен өзүмдүн жоопкерчилигим болду. Көрүп-билип туруп, мен аял кишимин деп четте туруп алганга болбойт болчу. Экинчиден, менин катышканым Кыргызстанды азыр эл аралык деңгээлге дагы бир тепкичке көтөрүп койду. Себеби ушул кезге чейин бир топ эл аралык коомчулук менен жолугушуп аттык, баары коркуп Кыргызстандын келечеги кандай болот, Орто Азиянын келечеги кандай болот деген суроолор туулуп атты. Булар согуш чыгып кетеби деген ойдо болушту, азыр Кыргызстанга барыш коркунучутуу деп жатышты. Бирок мына менин катышканым ушул көз карашты жеңилдетти. Жалгыз эле Кыргызстан үчүн эмес Орто Азияга болгон көз карашты өзгөртүп, жеңилдетти деп ойлойм. Бул жактан мен өзүм ойлойм, чоң ийгиликке жеттим деп. Бир топ жылдан бери өз ой-пикирим бар, мамлекеттүүлүккө өз көз карашым бар. Ошол көз карашымды илгерилеткенге аракет кылуу жолу болду. Өзүңүздөр билгендей мамлекеттүүлүктүн кыргыз вектору деген атайын иш иштеп чыктык. Аны Конституциялык Кеңешмеге да, парламентке да, коомчулукка да сунуш кылдык. Ошол багытта мен мамлекеттүүлүктү өнүктүргүм келет. Анан эң түйшүктүн баарын көтөрүп аткан кыз-келиндер. Бирок буларга эч кандай шарт түзүлүп берилген жок. Ошол себептен үй-бүлөнүн идеологиясын алып чыкпасак, мамлекет идеологиясы азыр жок болуп атат. Идеологиясыз мамлекет өнүкпөйт. Үй-бүлөнүн бакубатчылыгы дегенди мен ойлойм ар бир инсан түшүнөт жана колдойт. Ошол себептен келерки 5-10 жылда биз үй-бүлөнү бекемдөөдөндөн башташыбыз керек. Үй-бүлөнүн ден-соолугу, окуусу, эс алуусу, ээн эркин отуруп-турганга каражаты болуш керек. Анан бири-бирибизди урматтоо, сыйлоо механизимдерин киргизишибиз керек, ушул эле багытта кырыгыз тилине өзгөчө мамиле кылбасак болбойт экен. Себеби тил менен эл өзүнүн касиетин, өзгөчөлүгүн сактап калат жана бул тил жоголсо кыргыз эли өзүнүн башка элдерге окшогон касиетин жоготуп коюушу мүмкүн.

Экинчи суроого жообу:

- Мен үчүн мамлекеттин коопсуздугу, өнүгүп-өсүшү, келечеги кымбат жана мамлекетибиз эл аралык коомчулуктун ордунда туруктуу өнүгүүсү, туруктуу орун ээлеши керек. Эң биринчи маселе бул эне менен баланын укугун коргой турган комплекстүү мыйзамдарды кабыл алдырганга, анан кыз-келиндерге шарт түзүп бериш керек. Себеби өспүрүм кыздардын арасында эле шишик оорулары эки жылдын арасында эки эсе көбөйүптүр. Бул Кыргызстандын келечеги, генофонду эң коркунучтуу абалда дегендик. Кыздарга шарт түзүп бербесек болбойт. Эне жана баланы коргоо боюнча мыйзамды тез арада кабыл алып, ушул багытта иш жүргүзүү зарыл. Экинчи маселе жер маселеси, мына ушул шаардын тегерегинде болобу, башка жердеби жаңжал чыгара бербей иретине келтириш керек, тынч абалга алып келиш керек. Мыйзам чегинде, мыйзамдаштырып ушулардын маселелерин чечип бериш керек. Үчүнчү маселе - элди арзан турак-жай менен камсыздандырып жана иш маселесин чечип берүү. Бул багытта азыр приватташтырылган чоң объектилердин механизмдерин карап, ошол жерге иш менен камсызданта турган механизмдерин түзүп беришибиз керек. Чет өлкөлөрдөн аларга инвестор тартканга аракет кылыш керек дагы, анан элге иштеш үчүн шарт түзүп бериш керек.

Даярдагандар: Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров
XS
SM
MD
LG