Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

ОРУСИЯ МЕНЕН КАЗАКСТАНДА ЖҮРГӨН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУСУНА ШАРТ ТҮЗҮЛДҮ


Кабыл Макеш,Бишкек Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан ар кандай маалыматтар боюнча 300 миңден 500 миңге чейин кыргызстандыктар Орусия жана Казакстанда убактылуу иштеп жүрүшөт. Аларга эртеңки президенттик шайлоого катышып, добуш берүү үчүн кандай шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлдү?

Айрым маалымат булактарында Орусия менен Казакстанда эле учурда 300 миңдей кыргызстандыктар иштеп жүргөнү маалымдалат. Орусияда добуш берүү үчүн шайлоо участоктору кайсыл шаарларда уюштурулду? Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин шайлоону уюштурууга жооптуу кызматкери Лидия Иманалиева мындай деди:

- Орусияда убактылуу иштеп жүргөн мекендештер шайлоодо добуш бериш үчүн 15 пунктта шайлоо участоктору иштеп, ошол аймакта иштеп жүргөндөрдүн тизмеси такталды. Айрым себептер менен каттоого алынбаган бардык атуулдарыбыз, эмгек мигранттары да шайлоого катышууга укуктуу. Жалпы чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жаткандар үчүн 55 миң шайлоо бюллетендери жеткирилди. Чет өлкөлөрдөгү президенттик шайлоону 80ден ашуун эл аралык байкоочу көзөмөлгө алып турат.

Ушундай иш чаралар болуп жактанына карабай Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн 300 миңден ашуун кыргызстандыктардын баары президенттик шайлоого катышуусу күмөн экенин, ошондой болсо да алар үчүн шарт түзүүгө аракет кылышканын Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциациясынын төрагасынын орун басары Жума Абдуллаев айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Ошондуктан президенттик шайлоого биздин мекендештерди катыштыруу маселесин биз жарым жылдан бери көтөрүп келип, бул ишти уюштурууга жардам бердик. Кыргызстандыктардын 2005-жылдын 6- июнуна чейин консулдукка арыз жазып кайрылгандар жана кошумча тизмеге кирген кыргызстандык атуулдар шайлоого катышып добуш бере алышат. Орусиянын 82 субъектисинде иштеп жүргөн бардык кыргызстандыктарды камтый албадык. Ага мүмкүн эмес. Президенттик шайлоого 25-30 миңдей мекендештер катышып, добуш берсе дурус көрсөткүч болот. Калгандары сыртта калат. Ошентип, миңдеген жарандарыбыз шайлоого катыша албай калмакчы.

Орусиянын Оренбург шаарында убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктардын маданий борборунун жетекчиси Абыл Кеденов президенттик шайлоого беш миңдей атуул катышаарын, тизмелери такталганын билдирди.

Екатеринбург шаарындагы шайлоо участогунун президенттик шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдар Олжобаев менен телефон аркылуу байланышканыбызда буларды билдирди:

- Биз убактылуу иштеп жаткан бул шаарда 2 шайлоо участогу түзүлдү. Шайлоо участоктору кыргыз туусу, герби менен кооздолду. 10-июлда гимн да ойнотулуп, саат жетиде шайлоо өнөктүгүн баштайбыз. Болжол менен 5-6 миңдей мекендештерибиз шайлоого келет деген үмүт бар. Кыргызстандан бейөкмөт уюмдардан 2 байкоочу келди. Москвадан да байкоочулар келип, жалпы алтоо каттоодон өтүштү. Жергиликтүү маалымат каражаттары да шайлоонун журүшүн чагылдырууга арыз беришти.

XS
SM
MD
LG