Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАРДЫН БАЙКООСУ КАЛЫСПЫ?


Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоого көз салуу үчүн азыр Кыргызстанда ондогон мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын байкоочулары келишти. Бирок алардын байкоосунун калыс болушуна күмөн саноо арбын. Ага эмне себеп?

10-июлдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу укугуна 967 эл аралык байкоочу ээ болду. Алар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык, Шанхай кызматташтык уюмдарынын, АКШнын улуттук демократиялык институту жана шайлоолорго байкоо салуу боюнча Европалык тармак баштаган ондон ашык эл аралык уюмдардын жана КМШдагы мамлекеттердин өкүлдөрү. Мындан тышкары ондон ашык мамлекеттердин атуулдары менен саясий партияларынын өкүлдөрү байкоо салышат. Добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырууга болсо чет өлкөлүк 104 маалымат каражатынын 277 журналисти уруксаат алышты. Булардын тышкары жергиликтүү 15 миңге жакын байкоочу 2 миң 182 шайлоо участкасында көз салышат.

Байкоочулар шайлоонун мыйзам чегинде, эл аралык стандарттардын алкагында өтүшүн баалоо үчүн буга чейин бир катар окуу-тренингдерден өтүштү. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов эл аралык байкоочуларды калыс жана акыйкат болууга шайлоо алдындагы жолугушууда чакырды.

Төраганын айтымында, буга айрым байкоочулар менен журналисттердин күн мурунтан эле шайлоо мыйзам бузуу менен өтөт деп, кемтик издеп жаткандары себеп болду:

-Биздин шайлоону жаманатты кылуу үчүн келген уюмдар бар. Атайын жалданган байкоочулар менен журналисттер да жок эмес. Аларга айрым адамдар акча төлөп атайлап жөнөткөн. Алар колунан келишинче шайлоону көөлөйт, шыбайт.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун баамында, алар мындай аракетке шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалап жаткан күчтөрдүн каржылоосу менен барып жатышат:

- Биринчиден, мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн колунда укмуштуудай көп каражат бар. Анан шайлоодон кийин жаңы бийлик мыйзамдуу түрдө бийликке келсе мурдагы бийликте ичип-жегендерге бир топ кыйынчылык пайда болот. Демек, алар шайлоону каалаган жери жок. Экинчиден, шайлоо таза эмес өтүп, натыйжасы болбой калса кийин президенттикке талапкер болуп, балким президент болуп калам деп үмүт эткен адамдар да көп.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Европалык тармактын өкүлү катары өткөн жылы Украинадагы президенттик шайлоого көз салган Кыргызстандык юрист Михаил Корсунский БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун мындай көз карашын негиздүү деп колдойт:

- Бул жакка келген байкоочулардын арасында шайлоо мыйзам чегинде, ачык, калыс өтүп жаткандыгын аныктоо үчүн гана эмес, акча таап алуу үчүн келгендер да жок эмес. Андай көрүнүштөрдү жокко чыгара албайсың,себеби мен Украинада ошондой байкоочуларды көп жолуктурдум.

Михаил Корсунский Украинадагы президенттик шайлоодо бир гана талапкердин жеңишин каалап, башкадан кынтык издеген байкоочулар көп болгондугун кошумчалады.

Ал эми бейөкмөт уюмдар коалициясынын узак мөөнөттүү байкоочуларынын бири Нурила Кожотаева БШК төрагасы мындай пикирди шайлоодон кийин пайда болушу мүмкүн болгон карама-каршы ойлордун алдын-алып, коомдо пикир түзүү үчүн атайлап айтууда деген көз карашта:

- Бул жөн эле шайлоо туура эмес болуп, кокустан жыйынтыгы ойдогудай болбой калса деп, чочулоо менен айтылып жаткан ой. Байкоочулар туура эмес жыйынтык чыгарышы эч качан мүмкүн эмес.

Шайлоолорго байкоо салуу боюнча Европалык тармактын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Питер Наводни БШК төрагасынын кинесине макул эмес. Анын айтымында, бул уюмдун узак мөөнөттүү байкоочулары баамдаган кемчиликтерди жоюу сунушу БШКга жакпай, каршы көз карашты жаратты:

-Кыргызстандагы шайлоого биздин эч кандай тескери мамиледе эмеспиз. Узак мөөнөттүү байкоочулардын иликтөөсү боюнча шайлоо алдындагы иштер боюнча отчет даярдап, анда БШКнын ишиндеги бир катар кемчиликтерди шайлоого чейин жоюуну сунуштадык. Анткени, БШК олуттуу маалыматтар айтылган жыйындарына бизди киргизбей коюп жатты жана Гайша Ибрагимованы каттабай койгону орунсуз болду.

Питер Наводнинин билдирүүсү боюнча, Европалык тармакка Чыгыш жана Борбордук Европадагы 17 мамлекеттин өкүлдөрү мүчө. Алар Кыргызстанда гана эмес дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүп, калыс баа берип келет. Ошондуктан, кыргыз президентин шайлоо боюнча да калыс жыйынтык чыгат деген ишеним бекем.

XS
SM
MD
LG