Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА: КУРУЛТАЙ, ЭЛДИК ЖЫЙЫН, МАМЛЕКЕТ ТАГДЫРЫ


Президенттик шайлоонун шарданы Конституциялык реформанын биртоп суроолорун артка жылдырып таштады окшойт. Бийлик бутактарынын тең бөлүштүрүлүшүнөн ашкан маанилүү маселе – элдин бийлик үстүнөн көзөмөлү жалаң саясий проблемаларга айланчыктаган кыргыз саясий элитасынын баам сыртында калууда.

Конституция эгемен Кыргызстандын шартында саясий кызыкчылыктын курмандыгына чалынып калышы чоң талаш туудурбаган маселе экенин 12 жыл ичинде 4 ирет Башмыйзамга алымча-кошумча киргизүүгө үлгүргөн коомчулук жакшы түшүнүп калды окшойт. Эгемендикти ээрчий келген эки жылда бир өтчү конституциялык реформанын чоо-жайын учурунда Кыргызстан коммунисттери атайын иликтөө жүргүзүп, жазууга киришип калганын раматылык Абсамат Масалиевдин атайын бир айткан жайы бар эле.

- Мына 1-референдумду алып карасак, алтын маселеси чыккан. Аны көбү эсинен чыгарып койду.Тонналаган алтындар учактарга салынып башка жактарга кетип калган. Ошону депутаттар иликтеп, депутаттар бетин ачып атканда дароо референдум өткөрүп, бир палаталуу парламентти жоюп жиберип эки палаталуу парламентти түздү. Эми эки референдум өткөндөн кийин бир палаталуу парламентти түздү. Бул оюнду токтотуш керек.

Европа нускасындагы башкаруу системасынын классикалык үч бутагынын кантип иштеп атканын тергеп-тескеп, көзөмөлдөп туруучу коомдук институт – элдик курултай чакыруу зарыл экенин азыркы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кыйла жыл илгери эле алдыга жайган.

- Бийликтин үч бутагы элдин алдында жооп берген, аткарган иштери тууралуу айтып бериши зарыл. Аны ишке ашыруунун жол-жобосу да көрсөтүлгөн эмес. Теория түрүндө биз бийлик бутактарын теңдештирүүгө жетиштик дейлик. Андай болгондо деле эл алдында жоопкерчилик жок болсо коомдун алдыга жылышы мүмкүн эмес.

Дастан Ислам уулу президент А.Акаев бир да ирет эл алдында кандай иштер жасап жатканы тууралуу айтып бербегенин белгилеп, Башмыйзамда элдик курултай институтуна жол ачуу талабын 2002-жылы эле белгилеген.

- Биз сунуштаган курултай накта эл бийлигин орнотот эле. Бул биздин каныбызга, салтыбызга, наркыбызга кирип калган. Ошол курултайдын алдында Жогорку Кеңеш, Башкы прокурор, мамлекеттин башчысы – баарысы жооп бериши керек. Ошондо эл бийлигин колуна алат.

Махмуд Кашкары атындагы Чыгыш университетинин жетекчи орунбасары Айдарбек Көчкүнов элдик курултай институтун жаңы Конституцияга киргизүү зарылдыгы жок деп эсептейт. Анын пикиринде, элдин суроо-талабын, көксөөсүн парламент ишке ашыруусу керек.

- 1 саатта, 2 саатта чече турган маселени парламентке алып барып, а парламенттин ичинде эмне деген маселелер болуп кетет, биз мына ушул маселени да эске алышыбыз керек.

Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекова Кыргызстандын Башмыйзамынын тагдыры президентикке талапкерлердин колу коюлган жигиттик келишимге, «жентелмендик макулдашууга» жараша болот деген пикирде.

- Жанагы сиз айткан жигиттик келишим, мен ушуну ойлоп көрөйүн деген сөз болушу мүмкүн эмес. Бул керек болсо анын программасынын башында турган негизги милдеттеринин бири болот .

Кыргызстан Конституциясы кабыл алынгандан жыл өтпөй оңдоо-түзөтүүгө туш келип, аягы жеке бийликтин кадырынын кетиши менен бүттү. Элдик ыңкылаптан кийин деле Башмыйзам кайсы бир таасирдүү саясий күчтүн ыкралы менен дагы бир ирет оңдолуп чыкпайт деген ишеним ушу тапта эч бир кыргызстандыктын оюнда жок.
XS
SM
MD
LG