Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Москва районунун аймагында химиялык заттар айлана чөйрөгө коркунуч туудурууда


БИШКЕК. Чүй облусуна караштуу Москва районунун аймагындагы Коргоо министрлигинин мурдакы полигонунда көмүлгөн химиялык заттардын өрттөнүүсүнөн айлана чөйрөгө коркунуч туулду. Химиялык заттан үч адам жабыр тарткан, аларга медициналык жардам берилип жатат. Буга байланыштуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик граждандык коргонуу башкармалыгынын, Коопсуздук кызматынын, Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңештин отуруму жума күнү болуп өттү. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 9-июлдагы маалыматына караганда, полигондогу таштанды химиялык заттарды зыянсыздандырып, тазалоо өтүнүчү Коргоо министрлигине жолдонду. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы болсо бул маселе боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG