Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

АКШда КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ


Лондондогу жардыруулардан көп узабай АКШнын өкмөтү темир жолдордо, автобус каттамдарында коопсуздукту күчөтүүгө буйрук берди. Мадрид, андан кийин Лондондогу теракттардан кийин согушкерлер башка жерлерде да ушундай эле ыкмаларды колдоноору күмөн дешет эксперттер.

Ал-Кайида карасанатайлыгын ишке ашыруу үчүн башка жолдорду пайдаланса, анда эмне болот? Коопсуздук күчтөрү ага туруштук бере алышабы? Президент Буштун мурдагы кеңешчиси Фрэнк Чилуффо жалаң гана темир жана автожолдорго көңүл буруу бир аз тобокелдүү иш деп санайт. Бирок андан башка арга жок:

- Белгилүү бир бута катуу кайтарууга алынабы же бардык мүмкүн боло турган жерлерде террористтерге бөгөт коюлабы, айырмасы жок. Террористтер бары бир жөн кетип калышпайт. Алар же бутасын өзгөртүшүп, терактты ишке ашыруу үчүн оңойураак жерди издешет же ыкмасын өзгөртүшөт. Азыр биз колдогу маалыматка гана таянабыз. Анда террористтер кол салуулары үчүн транспорт жолдорун тандап жатышканы ачык көрүнүп турат.

Вашингтондук башка бир аналитик Чарльз Пэнья америкалыктарды коргоо үчүн бир гана жол бар деп эсептейт. Президент Буш ал-Кайида эмне үчүн Кошмо Штаттарына жана анын өнөктөштөрүнө каршы күрөшүп жатат деген суроонун үстүнөн ойлонуп, чындыкты айтышы керек.

- Усама бин Ладен жана fл-Кайида тууралуу кеп болгондо биз америкалыктарды өлтүрүп жатышат деген өңдүү сөздөрдү гана угабыз. Алар бизди жок кылгылары келет деген түшүнүк гана пайда болот. Бул – саясий реторика. Аны Буш кайталап келатат, кечээ ушундай эле мазмунда Блэр сүйлөдү. Албетте, жардыруулардан кийин айтылган мындай сөздөрдү түшүнсө болот. Бирок анын себептерин эч качан уга элекбиз.

Албетте, деп улантат эксперт бул Вашингтон тышкы саясатын өзгөртө калсын, же Бин Ладенге жагалдансын дегенге жатпайт. Бирок мусулман экстремисттери алар АКШга каршы эмне үчүн күрөшүп жаткандыгын ачык айкын туюндуруп келатышат. Алар Американы элди бузган шайтан деп кабыл алышат. Согушкерлер гана эмес катардагы мусулмандар да АКШ кээ бир араб жана мусулман өлкөлөрүнүн репрессивдүү режимдерине жылуу мамиле жасайт деп нааразы.

Вашингтон андай өкмөттөргө карата саясатын өзгөртсө, анда анын душмандары азаят, согушкер топторуна жалданган элдин саны да кыскарат. Ошентип, Америкалык лидерлер өз элин коргой алат деген ишенимде аналитик.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG