Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Мамлекет башчылыгына алты адам ат салышууда. Бул жолку шайлоо 24-марттагы ыңкылаптан кийин мөөнөтүнөн мурда өтүп жатканы менен маанилүү.

Бүгүн шайлоо участоктору таңкы саат 7ден тартып ачылды. Добуш берүү саат 21.00гө чейин уланат. Шайлоо кодексине жакында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо 10-июлда эки саатка узартылган.

Себеби өнөктүк жай мезгилине туура келип отурат жана электораттын активдүүлүгүнө бул таасирин тийгизиши ыктымал деген кооптонуу бар.

Ошентип бул жолку президенттик шайлоонун башкы проблемасы - элдин добуш берүүгө келип беришинде болуп отурат. Мыйзам боюнча эгер каттоого алынгандардын жарымы келбей калса бул жолку шайлоо жараксыз деп табылат.

Ал эми кайра өтө турган шайлоого азыркы талапкерлердин катышууга укугу жок.

10-июлда саат 10.00го карай шайлоо тынч өтүп жатканы кабарланууда. Бишкекте тарых музейинде шайлоонун жүргүзүлүшү боюнча монитор эртең мененки саат 10дон тарта иштей баштады. Монитордон добуш берүүнүн жүрүшү жана алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип турат. Ал эми кечки саат 9да Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча жарым сааттык маалымат жыйынын өткөрөт.

11-июлда президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан саат 8де, 11де жана 13тө берилет.

Өлкө боюнча 2182 шайлоо участкалары иштеп жатат. Ал эми Кыргызстандын аймагынан тышкары чет мамлекеттерде 40 шайлоо учаскасы ачылганы кабарланган. Бул жолу да парламенттик шайлоодогудай эле добуш берүүнүн жүрүшүндө баш бармакка белги койуу ыкмасы колдонулат. Ал шайлоону ачык, бурмалоолорсуз өткөрүү максатында киргизилген.

Сүрөттө: парламенттик шайлоодон бир көрүнүш. Ал жолу байкоочулар тунук үкөктүн, баш бармакка белги коюу ыкмасынын киргизилгенине карабай парламенттик шайлоо ыплас болду деген жыйынтык чыгарышкан эле.
XS
SM
MD
LG