Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: “АЙРЫМ ШАЙЛОО ЧӨЛКӨМДӨРҮНДӨ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР БОЛГОНУ БАЙКАЛУУДА”


Президенттикке талапкерлердин бири Жыпар Жекшеев өз дубушун 6-кичи райондо жайгашкан №1091 шайлоо чөлкөмүнө келип берди. Добуш берүүдөн соң Жыпар Жекшеев айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө мыйзам бузуу фактылары орун алгандыгын айтты.

10-июлда президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев добуш берүүгө катышкан соң журналисттерге маалымат берип жатып, буларды айтты:

- Таң атпай эле мага 4-5 шайлоо чөлкөмдөрүнөн байкоочуларымдан жагымсыз кабар түштү. Айрым адамдар микроавтобустарды айдатып алып, шайлоочуларды кыдырып келип, ташып жатышат деген. Бул автобустарга салып ташып келген кандай ыплас оюндар экенин биз билебиз. Муну биз мурунку шайлолордон, референдумдардан көргөнбүз. Эл аралык байкоочуларга,БШКга бизидин штабтын жетекчилиги ушундай фактылар боюнча кабарлап жатат. Эгерде таң атпай эле элди ташып жатса –бул жаман, балит оюндардын башталгандыгынын белгиси.

Мындан тышкары Жыпар Жекшеев ушундай саясий ыплас технологияларды колдонуудан улам бийликке эл тандаган эмес, административдик ресурстарды колдонгон атка минерлер келүү коркунучу бар экенин айтты:

- Биз дайым алданып келгенбиз. Эгерде ушул жолу да алдансак, анда Кыргызстанда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Анда мурункудай эле таз кейпибизден чыкпайбыз. Нукура эл каалаган талапкерлер эмес, бийликтин камчысын чапкандардын күчү, бийликтин зордук зомбулугу менен гана талапкер өтүп калышы мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу, өтө опурталдуу.

Ал эми аталаган шайлоо чөлкөмү боюнча комиссиянын төрагасы Кубатбек Манапов добуш берүү өнөктүгү мыйзам чегинде өтүп жаткандыгын билдирди:

- Азыр күндүзгү саат 9 болду. Мына ушул убакытка чейин эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.
XS
SM
MD
LG