Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Таласта чыр чыкты


ТАЛАС. Шайлоочулардын саны эң аз Талас облусунда 121 миң 110 шайлоочу добуш берүүсү үчүн 115 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоонун эл аралык эрежелерге ылайык өтүүсүнө көз салууга Кыргызстанга келген чет элдик байкоочулардын отуз жетиси Таласта иштешти. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Талас бөлүмү болсо 210 байкоочу даярдап, шайлоого катыштырды. Манас районундагы № 12-Чоңкапка шайлоо участогунда эл аралык байкоочулар менен шайлоочулардын ортосунда чыгып кеткен тирешүүнү участкалык милиция ого бетер ырбатып алып, абалды облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги кийлигишип жөнгө салган факты бетке чиркөө тартты. Жаштардын жоон топ өкүлү добуш берүүгө баратышкан Талас шаарынын шайлоочуларына “Жер үй” деген сегиз беттүү түстүү гезит таратышып, “Биз айткан талапкерге добуш берсеңер жер үй, алтын кени иштеп, эл иш менен камсыз болот” деп үгүттөп жүрүштү. Бирок бул фактыны да эч ким мыйзам бузулду деп каттаган жок. Шайлоого Бакайата району жана Талас шаарынын шайлоочулары аз келишти.

XS
SM
MD
LG