Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Коалиция прокуратурага кайрылды


БИШКЕК. Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясы 10-июлда шаардык прокуратурага кайрылып, “Восточный экспресс” деп аталган фирманын автобустарынын шайлоо участкасына шайлоочуларды ташуу фактыларын иликтеп, укуктук баа берүүнү суранды. Бул кайрылууга шаардык прокуратура бул жерде мыйзам бузуулар жок деп жооп берди. Шаардык прокуратуранын түшүндүрмөсүнө караганда, күндүн өтө ысыктыгына байланыштуу кары-картаңдар жана оорулуулар өндүү шайлоочулардын айрым катмарларын ташууга мыйзам жол берет. Эскерте кетели, айрым президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев, Акбараалы Айтикеевдин байкоочуларынан Курманбек Бакиевдин штабы автобустар менен шайлоо участкаларына эл ташып келип атат деген маалыматтар түшкөн. БШКнын маалымат кызматы билдиргенге караганда, бул багытта арыздар түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG