Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Ф. Кулов премьер-министр болобу?


БИШКЕК. Феликс Кулов эмки аптада вице-премьер-министрлик кызматына кайтып келет. Ал бул тууралуу 10-июлда добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди. “Акыры президенттик шайлоо болуп жатканына сүйүнүп турам” деди “Арнамыс” партиясынын төрагасы. Феликс Куловдун пикиринде, бул шайлоо бир талапкердин ишенимдүү жеңиши менен аяктайт. Эгер шайлоонун жыйынтыгы алар күткөндөй болсо дароо өкмөттүн жаңы курамы түзүлө баштаарын, өзү премьер- \министр болуп дайындалаарын ырастады. Феликс Кулов президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда президенттин жарлыгы менен убактылуу эс алууга чыккан.

XS
SM
MD
LG