Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Курманбек Бакиев алдыда баратат


БИШКЕК. Президенттик шайлоодо кайсыл талапкерге канча атуул добуш бергендги кечки саат жыйырма бирден кийин чыгарылат. Шайлоо участогунун чыга беришинде жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөгө караганда, талапкелердин ичинен Курманбек Бакиев олуттуу айырмачылык менен алдыда баратат. Мындай иликтөө жүргүзгөн «Exit-Pol» компаниясынын маалыматына ылайык сурамжылоого катышкан Бишкектик атуулдардын 94 пайызы, Ош обласынын 96, Баткен обласынын 96, Ыссыккөлдүн 70, Таластык шайлоочулардын 77 пайызы Курманбек Бакиев үчүн добуш беришкендигин айтышкан. Ал эми талапкер Турсунбай Бакир уулун Бишкектик атуулдардын 1,48, Ысыккөлдүн 6, 79, Ош 3,2, Баткендиктердин 2 пайызы колдошкон. Ал эми Акбараалы Айтикеевди Бишкектик атуулдардын 1,34, Таластын 0,83, Ысыккөлдүн 14,67, Ош обласынын 0,24 пайыз шайлоочусу колдошкон. Калган талапкерлер шайлоочулардын бир пайызга жетпеген добуштарын топтошкон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG