Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Президенттик шайлоого 947 эл аралык байкоочу катышты


БИШКЕК. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, президенттик шайлоого ЕККУ, КМШ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардан жана АКШ, Чехия, Жапания, Малазия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн байкоочулар келишти. Баары болуп президенттик шайлоого отуз өлкөдөн 947 эл аралык, он беш миңден ашуун жергиликтүү байкоочу жана чет өлкөлүк 281 журналист көз салышууда. Алар добуш берүү күнү өлкөнүн бардык дубандарында болушуп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз байкоолорунун жыйынтыгын дүйнө коомчулугуна маалымдашат. Президенттик шайлоонун жүрүшү боюнча алгачкы маалыматты эл аралык байкоочулар кечки саат 21де чыгарышат.

XS
SM
MD
LG