Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

ТОКТАЙЫМ ҮМӨТАЛИЕВА: «МЕНИН КӨЗҮМЧӨ ЭЛЕ 3 АВТОБУС КИШИ АЛЫП КЕЛИШТИ»


Президенттикке талапкерлердин арасындагы кыргыз кыз-келиндеринин жалгыз өкүлү - бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын президенти Токтайым Үмөталиева Кыргызстан айылындагы 58-мектеп имаратында жайгашкан № 1042-шайлоо участогуна келип добуш берди. «Азаттыктын» кабарчысы президенттикке талапкер менен кыскача аңгеме-дүкөн курду.

- Мына, сиз кыргыз кыз-келиндеринин атынан жооптуу ишке бел байлап жатасыз. Талапкерликке тиешелүү жөрөлгөлөрдүн баарын жасадыңыз, кол топтодуңуз. Бүгүнкү маанайыңыз кандай?

- Кудайдан тилегеним эле шайлоо тынч өтүп, акыйкаттык өз калыбына келип, турмушубуз оңолуп, анан өнүгүү багытына келсек деген ой менен отурам.

- Шайлоого чейин эле «шайлоо өтпөйт экен, келгендер баарын чийип коет экен», деген көп сөз болду. Сиздин оюңузча, шайлоо кандай өтүүдө?

- Бүгүн эртең менен добуш бергени участогума келдим. Менин көзүмчө эле үч кичи автобус менен киши алып келип атышат. Анан ошол жерде квартал башчысы отурат. Мен андан сурасам же документи жок, жалпы тизме менен келген кишилерди белгилеп атат. Ошол эле комиссиянын өкүлдөрү келген адамдын паспортун караган жери жок. Мына эртеден бери балдар телефон чалып, бүт жерде республика боюнча элдерди машине менен ташып атышат. Түшүндүргөнү мындай болуп атат. Элдер келбей калбасын үчүн машине бөлүп аларды ташып атабыз дешет. Машине менен ташып атышат, тизме менен туруп атышат.

- Бүт өлкө боюнча сиздин штабга кандай маалыматтар келип жатат?

- Кечээ мисалы, Баткенде, Ошто, Жалалабатта байкоочулардын, үгүтчүлөрдүн тизмесин сураган учурлар болду. Азыр балдар кыдырып атышат. Ошол тизмеге түшкөндөрдүн көбү бүгүн байкоочу болуп чыгышпаптыр. Анан эми жалпы маалымат мындай болуп атат. Кошумча тизме түзүп жатышат. Анын саны арбып баратат. Кошумча тизме менен элдерди добуш бердирип жатышат. Кошумча тизме 2 пайыздан ашпаш керек. Ал эми кошумча тизме менен ар бир участоктон 100 – 200 адам ашып калса бул ачык эле мыйзам бузуу болуп эсептелет.

- Ачык-шайыр жүрчү элеңиз. Бүгүн кабагыңыз салыңкыдай сезилет?

- Жаңкыдай көрүнүштөргө күбө болгондо коркуп турам. Жеңишке ээ болдум деп эсептейм. Себеп дегенде, Ортоазиялык кыз-келиндер менен бирге шайлоого чыктым. Артымда турган кыз-келиндердин демин сезип, уча тургандай эле болуп турам.

XS
SM
MD
LG