Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ: “ШАЙЛООНУ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТУУНУ КААЛАГАН КҮЧТӨР БОЛДУ”


10-июлда саат 10 жарымда президенттикке талапкерлердин бири Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкектеги экономика жана менеджмент инситутунун имаратындагы №1148-шайлоо участогуна жубайы менен келип добуш берди.

Президенттикке талапкер, “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев эл катары кезекке туруп, маркировкадан өтүп добуш берди. Добуш бергенден кийин имараттын алдында туган журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өз сөзүндө ал президенттик шайлоого бишкектиктер активдүү катышып жатканын, бул шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөр да болгонун айтып, өлкөнүн президентин шайлоо атуулдар үчүн өзгөчө маанилүү, келечекти аныктоочу учур экенин белгиледи:

- Президенттик шайлоого эл активдүү келип, кезек күтүп турганы кубандырат. Ушул шайлоодо эл өзүнүн көңүлүндөгү талапкерин президенттикке шайлап, келечектен үмүт кылып турган учуру. Шайлоодон кийин өлкөдө стабилдүүлүк болуп, экономикалык-социалдык жылыштар болооруна ишеним бар. Ушул президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөр да болду. Эл азыр мурдакыдай эмес активдүү болуп, ак-караны, жакшы- жаманды аныктап, ачык айтып, өз көз- караштарын билдирип калды.

Президенттикке талапкер, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев шайлоонун жүрүшүн “Акыйкат” партиясынан 400дөй байкоочу көзөмөлгө алып турганын белгилеп, ушул партия бийликке конструктивдүү оппозиция катары иштүктүү сунуштар менен чыгаарын жашырган жок. “ Эгерде президент болуп шайланып калсам, биринчи указым жаңы өкмөттүн курамын түзүү тууралуу болмокчу,”- деди президенттикке талапкер Кеңешбек Дүшөбаев.

Президенттик шайлоого Кыргызстандын студенттер кошунунан байкоочу болгон Бакыт Картаңов бул жолу жаштар шайлоого активдүү келип жатканын белгиледи:

- Шайлоо өнөктүгү уюшкандыкта өтүп жатат. Олуттуу мыйзам бузуулар деле болгон жок. Президенттик шайлоо калыс, ачык- айкын өтүп жатат деп айтууга негиз бар.

Ушул №1158- шайлоо участогунда президенттикке талапкерлердин дээрлик бардыгынын байкоочулары, эл аралык уюмдардын, Орусия, Чехия, Германия, Украинадан келген байкоочулар да болушту.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG