Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: “ШАЙЛОО ТАЗА ӨТСӨ ЭКИНЧИ АЙЛАМПА СӨЗСҮЗ БОЛОТ”


Акан Иманов, Бишкек Президенттике талапкер Tурсунбай Бакир уулу Бишкектеги тоо-кен иститутунда жайгашкан №1159-шайлоо участкасына үй-бүлөсү менен келип, добуш берди. Андан соң суроолорго жооп берип жатып, шайлоонун таза өтүшүн күтүп жатканын билдирди.

Турсунбаай Бакир уулу президенттикке шайланып калса ишти Конституцияны өзгөртүүдон баштаарын айтты:

- Эгерде мен президент болуп шайланып калсам, биринчиден Жогорку Кенешке убада бергендей Конституцияны өзгөртөт элем. Конституция бийлике эмес, элге иштеш керек. Экинчиден бийликти тазалайм.

Ал эми шайлоонун жүрүшү тууралуу буларга токтолду:

- Талас, Жалалабат жана Бишкек шаарында шайлоочуларды автобус менен ташып жүрүшөт, бул административдик ресурсту колдонуу. Эгерде шайлоо таза өтсө анда сөзсүз түрдө экинчи айлаМпа болот. Бирок мындай көрүнүштөр ар бир жерде болсо анда шайлоо таза өтпөйт.
XS
SM
MD
LG