Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

КҮТТҮРГӨН ШАЙЛОО ДА КЕЛДИ


24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин мурдагы парламент президенттик шайлоону 26-июнга белгилеген. Аз өтпөй жаңы өкмөттүн колдоосуна ээ болгон жаңы парламент маалынан эрте президенттик шайлоону 10-июлга жылдырган. Анткен менен жаңы шайланчу президенттин алдында орчун экономикалык маселелерден тыш олуттуу саясий сыноолор турат.

Президенттик шайлоону мыйзам талабына ылайык мурдагы президент кызматын таштап өлкөсүнөн чыгып кете бергенден кийин толук үч ай ичинде өткөрүүгө шашылыштын кажаты жоктугун «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ишенбай Абдуразаков билдирген.

- Өкмөткө тапшырманы берип, Конституциялык жыйынды, кеңешмени чакырып жанагы бийлик бутактарына бере турганды берип, ошол Конституцияда жазылгандардын оңдой турганын оңдоп, Конституцияга кошумча киргизиш абдан керек болуп турат. Президентти шайлап алгандан кийин Конституцияны оңдоо керек дегендин бираз кооптуу жери болуп турат. Азыр эми көпчүлүгү биз конституциялык чөйрөдөн чыгып кетпейли деп атышат. Биз ансыз деле чыгып кеттик.

Антип президент шайлоого ашыкпоонун артында Конституциянын өктөм талабы турат. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укукту өкүлү Данияр Нарынбаевдин ырасташынча, бул ирет шайланган президент 2009-жылдын аягына чейин гана иштей алат. Башмыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын акыркы декадасында өтүшү керек. Аны мурдагы «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов мындайча түшүндүрөт:

- Эгер 2-пунктка кийинки президенттик шайлоо 2009-жылдын октябрь айынын соңунда өтөт деп жазып койбосок, Жогорку сот, Конституциялык сот, башка соттор шайлоо 2010-жылдын октябрында өтөрүн далилдеп коюшат.

М.Шеримкулов жаңы шайланчу президент конституциялык 5 жылдык мөөнөткө эмес, 4 жыл 3 айлык мөөнөткө гана иштей алат деген пикирде. Жаңыланчу Конституцияны ишке киргизүүнүн жол-жобосун тактаган бөлүмүнө антип экинчи президенттин бийлик мөөнөтүн 9 айга кыскартып коюу артынан кандай маселелерди чубап чыгары азырынча белгисиз.

Конституциялык беш жылдык мөөнөттү 9 айга кыскартып, ага кошуп бир адамдын бир жолу гана беш жылга президент болушка укугу бардыгын Башмыйзамга киргизүүнүн натыйжасы кандай чыгарын да азырынча эч ким так айтып бере албайт. «Лица» гезитинин негиздөөчүсү Бермет Букашева президенттик мөөнөттү беш жыл менен гана чектөө талаштуу маселе деген пикирде.

- Мен ойлойм, ошол 5 жылдан кийин баары бир шайлоо болот да. Ошол эле киши 5 жылдын ичинде элдин үмүтүн актай албаса эл башканы шайлап алат. Ошон үчүн эки эле мөөнөттү калтырыш керек деп ойлойм.

24-мартта элдик ыңкылаптын шарданы менен бийликке келген жаңы өкмөт 17-июндагы башаламандыктан эмдигиче өзүнө келе элек. Башкалаанын чок ортосундагы Өкмөт үйүнүн жака-белинде аскер адамдарынын топ-тобу менен турушу көнүмүшкө айланып баратат. Анын үстүнө президенттик шайлоо алдында аркыл миш-миштердин күнү тууп, аны айрым саясий күчтөр дуулдатып коштоп турушту.

Президенттик акимчиликтин социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Тынымбек Ормонбеков шайлоо калыс, адилет өтүүдө дейт.

- Мына шайлооун жүрүшүн өзүңүз көрдүңүз, кары-жаш дебей, саат он болгонуна карабай, мен тизмени карасам көпчүлүгү буга чейин эле добуш берип кетиптир. Шайлоо жакшы өтүүдө.

Саратан жайда өтүп аткан шайлоо калктын саясий активдүүлүгүн, атуулдук позициясын ачык көрсөткөн окуя болду окшойт.
XS
SM
MD
LG