Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

БЕГИШ ААМАТОВ: “ЖАҢЫ БИЙЛИК ЭЛДИ ЭСИНЕН ЧЫГАРБАШЫ КЕРЕК”


Президенттик шайлоого добуш бергени келген Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мурдакы шайлоолорго караганда учурдагы шайлоо демократиялык мүнөздө, ачык-айкын өттү деген пикирде. Ал эми экс-депутат Бегиш Ааматов президенттик шайлоодон кийин элдин муктаждыгын жаңы бийлик эстен чыгарбашы керектигин эскертти.

Бишкетеги №70-мектеп гимназиясында жайгашкан № 1131-шайлоо участкасына Президенттик шайлоого добуш бергени келген вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров учурдагы шайлоого административдик ресурс колдонулбагандыгын билдирди.

- Административдик ресурсту өзүңүздөр байкап жатасыздар. Администрация тарабынан президенттик шайлоого карата шайлоо участкаларына эч кандай кысым болгон жок. Менимче президенттик шайлоо биринчи айлампа менен бүтөт.

Ушул эле шайлоо участкасына тизмеге кирбей калган экс-губернатор Накен Касиевдин шайлоого байланыштуу жообу төмөндөгүдөй болду.

- Мен тизмеге кирбей калыптырмын. Кошумча тизмеге жазылдым. Мурдакы шайлоолордо административдик бардык күчтөр колдонулуучу. Азыркы шайлоо кадыресе демократиялуу өтүп жатат.

Аталган шайлоо участкасындагы байкоочу Эркин Ашыралиева эч кандай мыйзам бузуулар катталбагандыгын билдирди.

- Эртең менен саат алтыдан бери ушул шайлоо участкасындабыз. Убагында ачылды. Шайлоочулардын келип добуш берүүсү активдүү леп айталам.Эч кандай мыйзам бузууларды көрө алганым жок.

Ал эми Бишкектеги Тери заводундагы шайлоо участкасында добуш берген президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун дагы президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстардын колдонулушу байкалбагандыгын билдирди.

-Курманбек Бакиевди шайлагыла, Акбаралы Айтикеевге добуш бергиле деп администрация тарабынан көрсөтмө болгонун көргөн жокмун. Бирок административдик ресурс ушул шайлоого элдин көп катышуусу үчүн иштегенин сезип атам.

Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектептеги шайлоо участкасына Президенттик шайлоого добуш бергени келген Бермет Акаева мурдакы шайлоолорго караганда байкоочулар жокко эсе деген пикирин билдирди.

- Мурдакы шайлоо участкаларында көп эле байкоочулар болуучу. Бүгүн менин баамымда байкоочулар болгон жок.

№27-мектептеги 1129-шайлоо участкасына добуш берүүгө келген биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоо ийгиликтүү өтүп жатканына ыраазы экендигин билдирди.

- Мен президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүп жатканына ыраазымын.

Ушул эле шайлоо участкасына добуш бергени келген Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев мындан мурда шайлоо болбой калуу коркунучу тууралуу айткан сөзүнө мындайча түшүндүрмө берди.

- Курманбек Бакиевдин штабы “Элдик кыймыл” деп аталышы керек эле эгерде мен жаңылышпасам. Мына ошол штабдын башчысы Кулубек Бокошев шайлоого эл келбей калат, элди шайлоого тартуу керек деп маселе көтөрүп чыгышкан. Ошондон кийин коомдук уюмдар, БШК түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп шайлоого элдин активдүү катышуусуна үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Шайлоого элдин келбей калуу коркунучун эске алып Жогорку Кеңеш атайын мыйзам чегинде добуш берүү убактысын эки саатка узарттуу тууралуу чечим кабыл алган.

Ушул эле шайлоо участкасына добуш берүүгө келген экс-депутат Бегиш Ааматов президенттик шайлоодон кийин бийлик башындагылар элди эсинен чыгарбашын эскертти.

- Бүгүн Кыргызстандын жалпы эли ишенип жаңы жетекчини шайлап атат. Эгерде жаңы бийлик эски жол менен жүрө турган болсо, эски жолдон чыга албаса анда эл 5 жыл күтүп отурбайт. Бир жылдын ичинде Ак үйдү бийликтегилер алты катар милиция менен орошсо да айдап чыгат.

XS
SM
MD
LG