Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЛДЫДА


Шайырбек Эркин уулу БШКнын акыркы маалыматы боюнча, 10-июлдагы президенттик шайлоого өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын 74,6 пайызы катышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, президенттикке ат салышкан алты талапкердин арасынан Курманбек Бакиев алдыда баратат.

Кыргызстанда президенттик шайлоодо берилген добуштарды саноо улантылууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-июль, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бирге карата берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 74, 6 пайзы добуш беришти. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык добуш берүү кечки саат жыйырма бирде токтотулду. Добуштарды саноо улантылууда.

Түнкү саат бир жарымга карата өлкө боюча уюштурулган 2181 шайлоо участогунун ичинен 568 шайлоо участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгы саналып бүттү. Алдын ала алынган бул маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 90, 9 пайызы Курманбек Бакиев үчүн добуш беришкен. Ал эми Турсунбай Бакир уулуна 2,92, Акбараалы Айтикеевге 2,90, Жыпар Жекшеевге 1,08, Токтайым Үмөталиевага 0,32, Кеңешбек Дүйшебаевге 0,3, пайыз шайлоочу добуш берген. Ошол эле учурда бардык талапакерлерге каршы шайлоочулардын 0,84 пайызы добуш бергендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG