Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Карабууралыктар добуш берүү жагынан алдыга чыкты


ТАЛАС. Президенттик шайлоого Талас облусунун 121 миңден ашуун шайлоочуларынан 67 пайыздан ашыгы добуш беришкен. Эң жандуу добуш берген - Карабуура районунун шайлоочулары болушту. Феликс Куловду парламенттик шайлоодо колдоп, Акаевдик режимге эң алгачкы нааразычылык билдирген карабууралыктардын 84 пайызы добуш берүүгө келишти. Эң аз добуш берген аймак Талас шаарынын шайлоочулары болду. Облустук борбордо шайлоочулардын 35 пайызы гана добуш берүүгө келишти. Кыргызстандын башка облустарынан айырмаланып таластык шайлоочулар Курманбек Бакиевден башка талапкерлерге дагы эң көп добуш беришкен. Маселен, Акбаралы Айтикеев 10,28, Турсунбай Бакир уулу 9, Токтоайым Үмөталиева 4, Жыпар Жекшеев 1,67 пайыз добуш алышкан. Жеңишке ээ болгон Курманбек Бакиевге эң көп 86,92 пайыз добуш берген Манас району. Ал эми Бакиевди анча жактырбаган шайлоочулар Талас районунда экен. Бул аймакта Бакиевди колдогондор 59 пайызды түздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG