Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Турсунбай Бакир уулунун штабы БШКга, тартип коргоо кызматына кайрылды


ЖАЛАЛАБАТ. Турсунбай Бакир уулунун облустагы шайлоо штабынын башчысы Шайырбек Маматокторов Жалалабат, Көкжаңгак шаарлары менен Сузак районунда добуш берүү мыйзам жана адам укугун бузуулар менен коштолгондугун билдирди. Маматокторовдун маалыматы боюнча, облус борборунда жаштар экинчи участокко автоунаалар менен ташылып, бармакка белги коюлбай, байкоочуларга шарт түзүлбөстөн, шайлоодон кийин эсептешүүнү эскертип, коркутуп, үркүтүүлөр жасалган. Кишилердин кайталап добуш берүүсү менен бюллетендерди бүктөп, чогуу таштоосуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Талапкердин байкоочуларына Сузак райондук бийлигинин жана укук коргоо уюмдарынын кызматкерлери кысым көрсөтүшүп, мыйзам бузуу актыларына кол коюшпай, штаб өкүлдөрү шайлоо участогунан кууп чыгарылган. Бирок мындай фактыларды облустук шайлоо комиссиясы жокко чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG