Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Эдил Байсалов: “Шайлоочулар мурдагы бийликке каршы добуш беришти”


БИШКЕК. Президенттик шайлоого 3 миң шайлоочусу көз салган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Кыргызстандын президентин шайлоо жараянында үч кемчиликти белгиледи. Тактап айтканда, ийгиликке шайлоочулардын тизмесин азайтуу жолу менен жетүү аракеттери жасалды, Шайлоо кодексиндеги жашаган жеринен добуш берүү талабы кыйла шайлоочуларды добуш берүү укугунан ажыратты жана айрым шайлоо участокторунда бийлик өкүлдөрүнүн шайлоого киришүү аракеттери жасалды. Бирок бул жалпы шайлоого таасир эткен жок деп билдирди коалициянын президенти Эдил Байсалов. Анын пикиринде, Кыргызстандын калкы Курманбек Бакиевди 89 пайыз колдоо аркылуу мамлекетти эскиче башкарууга каршы добуш берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG