Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

CIS EMO: президенттик шайлоо толук эркин жана толук акыйкат өткөн жок


БИШКЕК. 10-июлдагы Кыргызстандагы президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Шайлоого көз салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочу тараптар 11-июлда Бишкекте уюштурулган бардык маалымат жыйындарында дээрлик ушундай билдирүү жасашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шайлоого эл аралык 947 байкоочу көз салды. Алардын катарында ЕККУ, ШКУ, КМШ, ЕNEMO, уюмдарынын өкүлдөрү бар. Булардан айырмаланып, КМШ аймагындагы шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүчү CIS EMO уюмунун байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоону толук эркин жана толук акыйкат өткөн жок деп баалады.

XS
SM
MD
LG