Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:25

ЕККУ: Добуш сатып алуу, талапкерлерге кысым жасоо катталган жок


БИШКЕК. ЕККУнун байкоочулары 10-июлдагы президенттик шайлоо Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүндө өсүш барын далилдеди деп билдиришти. Европарламенттин делегация башчысы Киммо Кильнендин пикиринде, бул шайлоодо парламенттик шайлоодогудай добуштарды сатып алуу, маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү жана талапкерлерге бут тосуу фактылары катталган жок. Европарламент делегациясынын башчысы Альберт Йан Маат Кыргызстандын эл аралык нормаларды аткаруу аракети бул өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү шарттайт деп билдирди. ЕККУ миссиясынын башчысы Любомир Копайдын айтымында, Кыргызстандагы президенттик шайлоо аял талапкер катышкандыгы менен да айырмаланды. Ал эми добуш берүү учурунда административдик ресурстар ачык пайдаланылганы байкалган жок. Бирок байкоочулар маалымат жыйынында шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү пайызы шек туудуруп жатканын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG