Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Курманбек Бакиев президенттикке шайланды


БИШКЕК. Жекшембиде Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында талапкерлердин ичинен Курманбек Бакиев жалпы шайлоочулардын 88, 65 пайызынын добушун алып, жеңишке жетишти. БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 74 пайызы катышты. Учурда жалпы шайлоо участогунун 99 пайызындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы саналып бүттү. Президенттик шайлоого алты талапкер катышышты. Алардын ичинен Турсунбай Бакир уулуна шайлоочулардын 3,91 пайызы, Акбараалы Айтикеевге 3,69, Жыпар Жекшеевге 0,95, Токтайым Үмөталиевага 0,52 ал эми Кеңешбек Дүйшөбаевге 0,51 пайызы добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG