Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ЛОНДОНДОГУ МУСУЛМАНДАР ЭКСТРЕМИСТТEPДИ АЙЫПТООДО


Замира Кожобаева, Прага шаары Лондондогу жардырууларды уюштургандар издөөгө алынып жаткан убакта, Британиянын мусулмандары жардыруунун айыпкерлерин күнөөлөп жатышат. Ошондой эле, өлкөнүн мусулман коомчулугу жардырууга тийешеси бар экстремисттер менен өздөрүнүн эч кандай байланышы жок экендигин айтышууда.

Лондондун мечиттери 7-июлдагы террорчуларды катуу сынга алып, шарият чыныгы мусулмандарга кимдир-бирөөнүн өмүрүн алууга жол бербей тургандыгын айтып жатышат.

Хан аттуу имамдын мечити Лондондогу мечиттердин алдыңкысы. Уимблдондогу дүйнөгө белгилүү теннис кортуна жакын жерде жайгашкан бул мечиттин жашыл чатырлары күндүз күнгө чагылышып жаркырап турат. Хандын оюнча, террорчулар британиялык мусулмандар эмес. Албетте экстремисттер, террорчулар Англияда жок эмес, бирок биздин мечитке келгендердин арасында андайлар жок, - дейт Хан:


- Балким, мен жакшы билбейм. Балким эгер полиция ошентип алар ошол жерде болгон деп айтып атса, айткандыр, бирок биз билбейбиз чындыгында. Биздин мечиттегилердин андай күчтөр менен эч кандай байланышы жок. Биз ынтымактуубуз. Бири-бирибизге жардам берүүгө аракет кылабыз. Биз эртең мечитте башка диндердин өкүлдөрү менен жолугушабыз, бул — жакшы көрүнүш.

Хан сыймыктануу менен мечиттин маалымат баракчасын көрсөттү. Мында: «ким мындай ырайымсыз иштерди жасаса, ал акылсыз же өзүнүн уятсыз-шерменделигин көрсөтөт. Эмне болгон күндө да биздин террорчулар менен, алардын биз менен жалпы эч нерсеси жок», деп жазылган баракчада.

Ал эми Лондондун Туутинг деген бөлүгүндөгү мечиттин азанчысы Тахрами экстремисттер эч бир мечитке батпай тургандыгын, аларды тез эле мечиттен кууп чыгышаарын айтты. Ал экстремисттердин арасына Британиялык чуулгандуу “Ал-Мухажирун” деп аталган мусулман уюмун да кошуп кетти.

Аны Лондондогу диний лидерлердин бири Омар Бакри Мухаммед менен байланыштырышат. Ушул уюм Британияда ислам мамлекетин түзүүнү жактаганын жашырган эмес. Бакри интернетте Британияда исламчылардын чабуулу жасалышы мүмкүн деген ойду ачык билдирген.

Тахрами “ал-Мухажирун” уюмун террордук уюм деп атады:

- Мен бул уюм тууралуу укканым бар. Менимче, ал террористтердин уюму. Алардын баары сабатсыз кишилер. Алардын баарынын мээсин молдолор жууп салышкан жана өздөрүнүн оюндагысын гана жасоого үйрөтүшөт.

Израил бийлиги “ал-Мухажирун” уюмунун эки мүчөсү 2003-жылы Тел-Авивде өздөрүн жардырышканы, бирок андан кийин топ таркап кеткендиги тууралуу билдирген.

Көпчүлүк британиялык мусулмандардын экстремисттер ким, кайда экендиги тууралуу маалыматтары жок. Лондондогу кабарчыбызга “ал-Мухажирун” уюмунун лидери Омар Мухаммед менен жана анын орун басары, Лондондогу “Шарият” мектебинин мурунку окутуучусу Анжи Чоудери менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Ал эми дагы бир чуулгандуу радикал диний лидер Абу Хамза жөөттөрдү жана башка мусулман эмес адамдарды өлтүрүүгө чакыргандыгы үчүн берилчү жазаны күтүп учурда түрмөдө жатат.

Британиядагы көрүнүктүү мусулман уюмунун — Мусулмандар кеңешинин өкүлү Инаят Банглавала жакында эле Британ канышасы тарабынан диндер ортосундагы түшүнүүнү кеңейткени үчүн рыцарлык даражага татыган. Ал да жардырууларды катуу сынга алды.

Инаят экстремисттер дагы деле айланада бар, бирок алар тымызын жүрүшөт деп айтты:

- “Ал-Мухажирун” уюму өткөн жылы расмий түрдө таркатылган. Бирок алардын калдыктары дагы деле жашап келишет. Менин оюмча, алардын айрымдары «Сейдинин таасири» деп аталган топко кошулуп кетишкен. Айрымдары башка аталыштар менен жашырынып алышты, бирок аларда баары бир баягы жек көрүү сезими кала берген.

«Экстремисттер келечекте күчтөнө алышпайт», дешет көптөгөн мечиттердин өкүлдөрү. Анткени, дешет алар, алардын аракеттери британиялык башка мусулмандардын басымдуу көпчүлүгү тарабынан жек көрүү менен четке кагылат.

XS
SM
MD
LG