Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ТҮРКИЯ БАСЫЛМАЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН АРБЫН ЧАГЫЛДЫРДЫ


Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жүрүшү жана натыйжасы, Батышт өлкөлөрүндөгүдөй эле, Түркиянын маалымат каражаттарында дагы кең-кесири чагылдырылууда.

Кыргызстанда Курманбек Бакиевдин өз атааңдаштарынын арасынан чоң айырма менен алдыга чыгып, элдин 90 пайызына жакын бөлүгүнүн добушу менен өлкөнүн экинчи президенттигине шайлануусу Түрк медиасынын чоң кызыгуусун пайда кылып, телеканалдар ар сааттын башталышында обого чыкчу бүллетендеринде шайлоолордун жыйынтыгын байма бай элге уктуруп турушту.

Натыйжасы күн мурунтан белгилүү болуп калганына карабастан, президенттин кызматын аткаруучу Курманбек Бакиевдин алган натыйжасын “жеңиш” катары сүрөттөгөн маалымат каражаттары, анын ичинде басылмалардын интернет баракчалары, Борбордук Азийа өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп “түстүү ыңкылаптын” көчүн баштаган Кыргызстандын азыркы коомдук, сайасий жана экономикалык абалы тууралуу чакан маалыматтар менен тең бөлүшүп, бул шайлоонун башка борбордук азийалык жумуруйаттары үчүн тийгизчү таасирине ар кандай өңүттөн сереп салышууда.


Си-Эн-Эн Түрк телеканалы Кыргызстандагы шайлоолордо 24-март ынкылабынын башкы кейипкери Курманбек Бакиев жеңишке жетти деп кабарлап, талапкерлерден Турсунбай Бакир уулу “шайлоолордо мыйзам бузуулар болду” деп Борбордук шайлоо комиссийасына даттануу билдиргенин уктурду.
Кабар каналы НТВ жана ТРТ дагы Кыргызстандагы шайлоолорго өз бүллетендеринен орун берип, өзгөчө Кулов-Бакиев тандеминин түзүлүшүнө чейинки окуйаларга көңүл бурушту.

ЗАМАН гезити “Кыргыз эли махмал ыңкылапты тастыктап чыкты” деп билдирип, кыл чайнаган опуртал кырдаалда өткөрүлгөн шайлоолор эч кандай бир башаламандыкка барбай, туруктуулуктун пайдасына добуш берген бир тууган Кыргыз элинин жакынкы келечеги үчүн чоң мааниге ээ экенин жазып чыкты. Шайлоолорго күтүлгөндөн көп шайлоочу катышкандыгын белгилеп, гезит өзгөчө Бакиевдин жергеси - түштүктө шайлоого кызыгыш арбын болгонун билдирди.

Заман гезити, ошондой еле, Бакиев өзүнүн эң башкы атааңдашы Феликс Кулов менен тандем түзүп алуусу аркылуу, өз жеңишин күнмурунтан кепилдикке алганын; эми Кулов өлкөнүн премиер-министри болоорун жазды. Айрым кемчиликтерге карабастан, бул шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң таза жана адилет шайлоо болгонун бышыктап, гезит Бакиевдин бийлигин абдан зор экономикалык жана коомдук маселелер күтүп турганын билдирет. Макалада, ошондой эле, Кыргызстандагы демократийалашуу жарайаны, Борбордук Азийанын башка жумуруйаттары үчүн табылгыс тажрыйба болуп калат деген пикирге орун берилген.

Бардык башка улуттук сыналгы жана үналгы каналдары дагы Кыргыз шайлоолору тууралуу кабарлап, дээрлик бардыгы Бакиевдин жеңишин “24-марттагы ыңкылаптын жеңиши” катары баалашууда. Түркийанын ырасмий бийлиги тараптан азырынча кандайдыр бир баа бериле элек.
XS
SM
MD
LG