Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Өкмөт тез арада түзүлүш керек


БИШКЕК. Жаңы өкмөттү түзүүнү создуктуруга болбойт. Ал август айына чейин түзүлсө туура болот, деген пикирин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов «Новая известия» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн курамы президент Бакиев менен анын кеңешүүсү менен түзүлөт. Бакиевдин президенттик кызматка киришүү тууралуу аземинен кийин премьер-министр кызматына Феликс Куловдун талапкерлигин бекитүү сунушу парламентке киригизилет. Бул үчүн парламент кезексиз сессияга чогулат, деп ойлоймун деп белгилеген Феликс Кулов. Тышкы саясат маселесине токтолгон Кулов, Кыргызстан ири мамлекеттердин кызыкчылыгы жакындашкан жер болуш керек, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG