Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Конституциянын жаңы долбоорун жактырбагандар арбын


БИШКЕК. Кыргызстандын эли Конституциянын конституциялык кеңешме даярдаган долбоорун эмес, элдин кеңири талкуусунан өткөн элдик Конституцияны кабыл алышы керек. Мындай пикирин «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев 12-июлда билдирди. Анын баамында, конституциялык кеңешме даярдаган долбоор кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын башка бирөөнүкүнөн жогору койгон саясий оюн болду жана эгер ал долбоор кабыл алына турган болсо бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кыла албайт. Ошон үчүн узак убакытка чейин өзгөртүлбөй турган жаңы долбоор даярдап, элдин толук талкуусунан кийин кабыл алуу зарыл. Ал эми Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште кол койгон макулдашууда долбоор президенттикке киришкенден кийинки эки айдын ичинде Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алууга сунушталаары белгиленген эле.

XS
SM
MD
LG