Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Опера жана балет театры жардамга муктаж


БИШКЕК. Кыргыз опера жана балет театры каржылык жардамга өтө муктаж. Бул тууралуу театрдын жаңы жетекчилери Нурлан Асанбеков жана Тимур Саламатов билдирди. Алардын айтымында, көптөгөн артисттер айлык акынын өтө төмөндүгүнөн чет өлкөлөргө кетүүгө, ал эми калгандары сценага эски костюмдар менен чыгууга аргасыз болууда. Мамлекеттин экономикалык абалы начардыгына байланыштуу бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Абалдан чыгуу үчүн ишкерлерден, эл аралык уюмдардан жардам алуу үчүн театрдын көз салуучулар кеңешин түзүү чечими кабыл алынды, деп белгиледи театр жетекчилери 12-июлда “АКИ-пресс” маалымат агенттигинеде өткөн маалымат жыйынында.

XS
SM
MD
LG