Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Саясий партия парламентти таратууга багыт алды


БИШКЕК. Жакын арада «Эркиндик» партиясы Жогорку Кеңешти таратуу үчүн шайлоочулардын 300 миң колун топтоого киришет. Бул тууралуу 12-июлда партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, азыркы парламентте мурунку бийликтин колдоосу менен шайланып келген жана элдин мүдөөсүн ойлобогон депутаттар арбын. Ушундан улам азыркы парламентти таратып, партиялык тизме жана элдин тандоосу менен шайланган күчтүү парламентти түзүү мезгили жетти. Ал эми президенттик шайлоодон кийинки маалымат жыйынында Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешти таратуу маселеси көтөрүлбөсүн, бирок анын тагдыры президент жана өкмөт менен иштешүү мамилесине жараша болорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG