Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Президенттикке талапкерлер натыйжага макул эмес


БИШКЕК. Президенттикке талапкер болгон Турсунбай Бакир уулу менен Токтайым Үмөталиева 12-июлда маалымат жыйынын өткөрүшүп, президенттик шайлоо добуштарды бурмалоо менен өттү деп билдиришти. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Курманбек Бакиев үчүн добуш берүүчүлөр кичи автобустар менен ташылып, аларга палоо берилген учурлар болду. Ушундан улам ал бул шайлоону «палоо шайлоосу» деп баалагандыгын билдирди. Андан тышкары анын Ош, Жалалабад облустарындагы байкоочулары тобу менен келип бюллетень салган учурлар болгондугун кабарлашкан. Токтайым Үмөталиева болсо жер-жерлерде административдик ресурсту колдонуу Курманбек Бакиевдин беделин биротоло түшүрдү деп билдирип, мындан ары демократияны өнүктүрүү үчүн өз кыймылын түзөөрүн жарыя кылды. Анын айтымында, добуш берүү катуу бурмаланып, айрым жерлерде кайталап добуш берилди.

XS
SM
MD
LG