Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кулов кызматка киришти


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Феликс Кулов биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай жардыкка 12-июлда кол коюлганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Феликс Кулов Курманбек Бакиевдин шайлоо өнөктүгүнө жардам берүү үчүн биринчи вице-премьер-министрдин кызматынан кетүүгө арыз жазып бергенин 23-июнда билдирген эле. 10-июлдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Курманбек Бакиев Феликс Куловду премьер-министрлик кызматка бекитип берүүнү парламентке сунуштаарын 11-июлда билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG