Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Бириккен Улуттар өзбек бийлигин Анжиян окуялары боюнча дагы бир жолу сынга алды


Бириккен Улуттардын адам укуктар боюнча эксперттери бүгүн Женева шаарынан дагы бир билдирүү жасап, Анжиян окуялары учурунда курман болгондордун саны расми таанылгандан алда канча көп экени тууралуу айтты. Жогорку комиссар Луиз Арбурдун басма сөз катчысы Хосе Диаз ал окуяларды массалык кыргын деп атады. Ташкен тараткан расми маалымат боюнча, Анжиянда 187 адам өлгөн, укук коргоочулардын айтымында болсо, курман болгондордун саны жети жүз элүүдөн кем эмес.

XS
SM
MD
LG