Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

АКШ мамлекеттик катчысы Жапониядан Түштүк Кореяга келди


Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу АКШ менен Жапония бирдей турумду тутунмай болду. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Жапониянын тышкы иштер министри Набутаке Мачимура Токио шаарындагы сүйлөшүүлөр учурунда макулдашты. Бүгүн Райс айым Сеулга учуп келди, Кытай төрагасынын атайын өкүлү болсо бүгүн кызмат сапар менен Пхеньян шаарына келди. Түндүк Кореянын атомдук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы 25-июлда Пекинде башталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG