Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ОППОЗИЦИЯ ПАЙДА БОЛОБУ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда мындан ары жаңы оппозиция пайда болобу? Эгерде пайда болсо, анын курамы кимдерден түзүлүшү мүмкүн?

24-марттагы ыңкылаптан кийин бийликке келген мурдагы оппозициянын өкүлдөрү өлкөдө оппозиция болушу керек деген пикирде. Жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиев буга байланыштуу мындай ойдо:

- Менин пикиримде, эгерде оппозиция же башка орган президенттин же аткаруу бийлигинин, парламенттин ишине кандайдыр бир баа бере турган болсо, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өздөрүнүн көз караштары үчүн эч ким куугунтукталбайт. Оппозиция менен конструктивдүү иш алып баруу керек.

Ал эми мурдагы оппозициянын өкүлү, Баш прокурор Азимбек Бекназаров болсо, жаны оппозиция кимдерден түзүлүшү мүмкүн деген сурообузга мындайча жооп берди:

- Эми мындан ары оппозицияда мурдагы бийликтин өкүлдөрү, Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, аны менен чогуу иштеп, азыркы бийликке илинбей калгандар болушу мүмкүн. Кандай болгондо да, оппозиция конструктивдүү болушу керек. Менин пикиримде, биздин өлкөдө оппозиция жөнүңдө мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы жок. Анткени, оппозиция мыйзам менен чектелбей, өз ой-пикирлерин эркин, ачык айтууга мүмкүнчүлүк алышы керек .

Кыргызстандын мурдагы президентинин кызы, Бермет Акаева эгерде азыркы бийликтин саясатына макул болбосо, оппозицияда боло тургандыгы жөнүндө айтты:

- Эгерде азыркы бийликтин жүргүзгөн саясаты туура эмес болсо, мен оппозицияда боломун. Мурдагы оппозициянын бир гана Акаевди кетирүү максаты бар эле. Менимче, оппозиция мындай максатты көздөбөй, бийликтин туура эмес кандайдыр бир программаларына, туура эмес жасаган иштерине каршы болушу керек .

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин пикиринде, Кыргызстанда оппозиция жаңы муундан, мурдагы бийликтин убагында менчик топтогон жана аны азыр коргой албай калган ишкерлерден түзүлүшү ыктымал. Бирок эң башкысы эл оппозицияда болуп калбашы керек дейт депутат:

- Көп адамдар мурдагы бийиктин убагында ишкерлик жургүзүп, жеке ишканаларын ачышкан. Азыр алардын менчигин алуу аракети болсо, алар да, же болбосо, бийлик бутагына илинбей калган адамдар, же кандайдыр бир куугунтукка учураган адамдар да оппозициялык күчкө айланып кетиши мүмкүн. Эң башкысы, эл оппозицияда болуп калбашы керек. Эгерде жаңы бийлик элдин турмушун оңдой албай, жарыялаган программаларын ишке ашыра албаса, анда эл оппозиция болуп калышы ыктымал. Мына ошого жеткирбөө керек. Мурдагы бийликтин кетирген кемчилиги мына ошондо болгон.

Ал эми айрым саясатчылар азыркы бийликке оппозиция өлкөдөгү 40ка жакын партиянын ичинен калыптанышы ыктымал жана Кыргызстанда 24-марттагы ыңклаптан кийин ачык түрдө болбосо да азыркы бийликке оппозиция пайда болду деген пикирди карманышууда. Буга байланыштуу «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Кыргызстанда 24-марттан кийин эки түрдүү оппозиция пайда болду. Алардын бири - «Алга, Кыргызстан!», «Адилет» партиялары жана башкалар болду. Алар 10-июлдагы президенттик шайлоону болтурбоо аракетинде болушту. Эгерде шайлоону үзгүлтүккө учуратышса, анда кийинчерээк боло турган президенттик шайлоого Курманбек Бакиев жана башка бул жолку шайлоого катышкан талапкерлер катыша албай калышмак. Анда алар ыңклаптын алгачкы жеңиштерин жокко чыгарууга жетишмек. Ал эми экинчиси – азыркы бийликти ачык сынга алган оппозиция. Оппозиция өлкодөгү ондогон саясий партиялардын ичинен да пайда болушу мүмкүн. Албетте, оппозиция конструктивдүү болууга тийиш .

Буга чейин мурдагы бийликтин өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн «Акыйкат-Справедливость» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев аталган партия бийликке конструктивдүү оппозицияда болоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG