Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШТА 2 АЛТЫН, 2 КОЛО МЕДАЛЬ...


6-июлдан 11-июлга чейин Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар ийгиликтерге жетишип, 2 алтын, 2 коло медаль утуп алышты.

Каражаттын тартыштыгына дүйнөлүк таймашта эркин күрөштөн кыргызстандык 3 балбан мөөрөй талашты. Жеңил салмакта кыргызстандык спорт чебери Эркин Өзүмбеков ирандык, түркиялык жана грузиялык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн таймашта дагы индиялык балбанды утуп, дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынды. Эркиндин жеңишинин урматына кыргыз туусу обого көтөрүлүп, гимн ойнолду.

Ал эми 84 кг салмактагы күч сынашууда Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Толубаев финалдык топко кошулганы менен аз упай менен атаандашына алдырып, бешинчи орунду ээледи. Ошондой эле Алтынбек Кадыркуловдун чеберчилигине адистер жакшы баа беришти.

8- июлда кыздардын эркин күрөш таймашына Жылдыз Эшимова менен Нурзат Шайлообаева катышып, Жылдыз Эшимова 51 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду.

Кендирди кескен каражаттын айынан Кыргызстандын намысын грек- рим күрөшүнөн 3 балбан коргоду. Алар: Азия чемпионаттарынын күмүш байге ээлери Ринат Усупжанов менен Чыңгыз Коңурбаев жана жаштар, уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло медалын жеңген Жанарбек Кенжеев кыргызстандык күйөрмандарды кубандырды. 84 кг салмакта Атланта олимпиадасынын катышуучусу Жанарбек Кенжеев бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, жаштар арасында дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Жанарбектин жеңишинин урматына да кыргыз туусу обого көтөрүлдү.

Ошондой эле Ринат Усупжанов да финалдык топко кошулуп, дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду. “Эгерде калыстар калыстыктан тайбай, Ринатка бут тосушпаганда ал дүйнө чемпиону болмок” дешет спорт адистери.

Ал эми Чыңгыз Коңурбаев да калыстардын айынан байгелүү орунга жетпей калганын өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын вице-президенти, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтты:

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам үчтөн 6 жигит жана 2 кызды жөнөткөнбүз. Эркин күрөштөн Эркин Өзүмбеков жана грек- рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев дүйнө чемпиону болушуп, Кыргызстанды даңазалады. Быйыл бир айдын аралыгында эле үч чоң масштабдуу турнир болуп, бизге бөлүнгөн каражатты чыгымдап койдук. Түштүк Кореяда Азия чемпионаты, Москвада Шериктеш өлкөлөрдүн жаштар оюндары болду. Ошондуктан команда толук курамы менен катышкан жок. Калыстардын айынан дагы бир алтын, бир коло байгеден куру калдык.

Эркин күрөштөн үч балбанды таптап, дүйнөлүк таймашка алып барган өлкөнүн жаштар командасынын улук машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов калыстардын айынан Самат Толубаев менен грек-рим күрөшүнөн Ринат Усупжановдун жолу тосулуп, финалдык топко кошулбай калганын, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге Кыргызстандан калыстар барбай калганын өкүнүү менен белгиледи:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айынан Самат Толубаев менен Ринат Усупжановдун чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Протест жазуу үчүн барымтага акча коюш керек. Эптеп каражат тартыш болуп араң барган элек. Ошондуктан Кыргызстандан калыстар барса, алардын да таасири болмок.

Эми кыргызстандык балбандарга каражат табылса августта Түркияда өтчү бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарына жана күзүндө Венгрияда болчу дүйнө чемпионатына барышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG